Барпиев, Бопонов, силерге сот жокпу?

Негизи психикалык жактан жабыркагандарга сот жок деп коюшат го. Бирок алардан башка кээ бир адамдарга да сот жок окшойт деп калдык. Бишкек шаардык патрулдук милиция башчысы Талантбек Барпиев менен орунбасары Шайыр Бопонов дагы бир мыйзамсыз иштин автору болушуптур. Тагыраак айтканда аталган башкармалыктын 6-ротасынын милиция кызматкери жумуштан такси айдап кардарларды ташып жүрүп жол кырсыгына кабылып, ал кырсыктын негизги себепкери болуптур. Тилекке каршы иш дароо жабылып, бармак басты, көз кысты болуптур. Мындай алешемдикке жол берген Барпиев менен Бопоновго сот жокпу деген суроо туулат экен. Болбосо Барпиевдин “косягы” бул эле эмес. И баса, учурда Барпиев Республикалык МАИ кызматынын башчылыгына, Бопонов болсо Бишкек шаардык МАИ кызматынын башчылыгына чуркап жүрүшкөнү маалым.

Булак: “Ачык саясат”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу