Бангладештин борборундагы өрттөн 70 киши каза болду

Бангладештин борбору Даккада өрттөн 70 киши набыт болду. 300 жылдык тарыхы бар кварталдагы бир канча турак жай толук күйүп кеткен. Бийлик өкүлдөрү урандылардын алдында дагы адамдар болушу мүмкүн экенин эскертүүдө.

Даккадагы өрт шаршемби күнү кечинде тутанган. Ал желим шаймандар жана тез жанып кетүүчү буюм-тайымдар сакталган төрт кабаттуу имараттан башталган. Жалын заматта кошуна үйлөргө жайылып, тилсиз жоо менен эки жүздөй өрт өчүрүүчү кызматкер беш сааттай күрөшкөн. Өрттүн себептери иликтенип жатат.

160 миллиондон ашык калкы бар Бангладеш — коопсуздук чаралары сакталбагандыктан өрт көп чыккан жакыр өлкө. Өрт жыл сайын жүздөгөн адамдын өмүрүн алат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу