Банандын чачка кандай пайдасы бар?

Учурда химиялык заттар көбөйүп, абанын кирдегендигине байланыштуу чачыбызга туура кам көрүү дагы кыйындап баратат. Мындай шартта сиздерге үй шартында жасалган банан маскасын сунуш кылабыз.

Банан менен бал маскасы

Эки бананды эзип, ага бир чай кашык бал кошосуз дагы блендер менен жакшылап аралаштырасыз. Даяр болгон боткону чачыңыздын түбүнөн тартып сүйкөп, отуз мүнөттөн кийин жууп саласыз.

Банан менен йогурт маскасы

Бул маска майлуу чачтар үчүн пайдалуу. Ал үчүн жакшы бышкан банан менен үй шартында жасалган йогурт керек. Бананды эзип ага жарым стакан йогурт кошуп аралаштырабыз. Даяр болгон аралашманы башыбызга массаж ирээтинде сүйкөйбүз. Отуз мүнөттөн кийин жылуу суу менен чайкап салуу керек.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу