Балбан Акжол Махмудов Германияга учуп кетти

Кыргызстандын грек-рим күрөшүнөн балбаны, Азия чемпиону Акжол Махмудов бутуна операция жасатуу үчүн Германияга учуп кетти. Бул боюнча маалыматты ал өзүнүн инстаграм баракчасына жазды. Анда Акжол Германияга учканы жатканын айтып, аны менен кошо балбан өзүн аэропортко узатып барган достору, жакындары менен сүрөтүн жайгаштырган.

Эске сала кетсек Акжол Махмудов бир ай мурда машыгуу учурунда бутун сындырып алган. Жаракат канчалык болгону азырынча айтыла элек. Деген менен балбан жаракатына карабай физикалык күч топтоо жагынан машыгып жатканын билдирип, операция жасатып, жакынкы күндөрү эле жаңы дем менен катарга кошуларынайткан болчу.

КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт Агенттиги Акжол Германиядан операция жасатаарын, ал үчүн керектелген 1,5 млн. сомду агенттик төлөп берерин буга чейин айтып чыккан болчу.

Булак: Барометр

Аргумент.kg
Жооп калтыруу