Бала сатууга байланыштуу төртүнчү дарыгер камакка алынды

Бишкекте бала сатууга шектелип төртүнчү дарыгер кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов “Азаттык” радиосуна кабарлады. Анын айтымында, кылмышка шектүүлөрдүн артында чет өлкөлүк жарандар турат деген маалымат туура эмес.

— Кармалган дарыгерлердин артында чет өлкөлүк жарандар турат деген маалымат туура эмес. Алар Орусия менен Казакстанда көп жылдан бери жашап, ошол өлкөнүн жарандыгын алган кыргызстандыктар. Шектүүлөр боюнча дагы иштер жүрүп жатат. Алар дарыгерлердин жардамы менен балдарды багып алган. Балдардын алды бешке чыккан, арты ымыркай. Козголгон кылмыш иштин алкагында дагы бир дарыгер камакка алынды.

Бишкектеги Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун биринде иштеген гинекология бала сатууга шектелип 7-сентябрда кармалган. Алгач үчөө камакка алынып, бирөө баласы жаш болгону үчүн үй камагына чыгарылган. Бул ишке байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “адам сатуу”, “мыйзамсыз бойдон алуу” жана “жалган документтерди даярдоо” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу