БАЛА БАГУУЧУНУ ЖУМУШКА АЛАРДА ЭМНЕЛЕРИНЕ КӨҢҮЛ БУРУУ ЗАРЫЛ?

Акыркы күндөрү бала багуучуларга байланышкан чуулуу окуялар коомчулуктун үрөйүн учурууда. Бала багуучуну тандоодо эмнелерге көңүл буруу керектигин психология илимдеринин доценти Канышай Кожогелдиева айтып берет.

ИЗДӨӨ…
Декреттен жумушка чыга турган эне бала багуучуну алгач туугандарынан, тааныштарынан издейт. Сураштырып таппаганда жарнама агенттиктерине кайрылууга аргасыз болот. Бала багуучунун байланыштарын берген агенттик бала багуучунун мүнөзүн, тажрыйбасын, психикасын текшермек түгүл, өмүр баянын да карап койбосун эсиңизден чыгарбаңыз. Андыктан акчаңызды коротуп агенттик аркылуу издебей, сураштырганды эле улантыңыз.

ЖАШЫ
Эгер бала багуучу жаш кыз болсо, ал үчүн 1-орунда сиздин балаңыз турбайт. Анын максаты – материалдык абалын жакшыртуу, билим алуу, үй-бүлө күтүү, эне болуу. Анын үстүнө ал кыз баланын энеси үчүн кооптуу жагдайларды жаратышы мүмкүн. Үйдө өзүнө каранган жаш кыздын пайда болушу эркектин оюн бузушу ыктымал. Ошондуктан жашы 50нүн тегерегиндеги бала багуучу табуу туура.

БИЛИМИ, ТАЖРЫЙБАСЫ
Бала багуучулардын педагогикалык, психологиялык, медициналык билими болгону жакшы. Буга чейинки жумуш орду туурасында аңгемелешип, мектепте, бала бакчада иштеген болсо, жумуштан эмнеге кеткенин сураңыз.

ДЕН СООЛУГУ
Бала багуучу сөзсүз медициналык кароодон жакынкы аралыкта өткөн болушу керек. РВ (сифилис), ВИЧ, флюорография (кургак учук), сарык ооруларына анализ тапшырганбы, наркологиялык жана психоневрологиялык диспансерде каттоодо жокпу текшериңиз жана соттолбогондугу тууралуу маалымдама талап кылууну унутпаңыз.

1-ЖОЛУГУШУУ
Бала багуучу менен жолугушканда профессионалдуулугун гана эмес, адамдык сапаттарын да байкаганга аракет кылуу керек. Үй-бүлөлүк жашоо шартын, туугандары менен кандай мамиледе экенин билиңиз. «Эгер бала жыгылып кетсе, кийингенди, жуунганды жактырбаса, дене табы көтөрүлсө эмне кыласың? Баланы кандай кылыгы үчүн какыс-кукус кылыш керек? Камера орнотсо деле иштей бересиңби?» деген сыяктуу суроолорду жаадырыңыз.
Эстеп калыңыз…

  • Ишин билген бала багуучу үйгө кирип баарлашууга отурардан мурун сөзсүз колун жууйт.
  • Босогодон аттаары менен балаңызды эркелетип баштаса, сизге жагынуу үчүн коюлган спектакль. Тажрыйбалуу бала багуучу балага дароо эле үзүлүп-түшпөй акырындан көндүрөт.
  • Эгер балаңыз бала багуучу менен сүйлөшүп, ага оюнчуктарын алып келип ойно деп берсе, анда ал балаңызга жакты.

КЕЛИШИМ
Көңүлүңүзгө жаккан бала багуучу тапсаңыз, кагаз жүзүндө келишим түзүңүз. Келишимде бала багуучунун милдеттери толук каралышы кажет жана паспортунун көчүрмөсүн, ата-энесинин, жакындарынын, өзүнүн жашаган жеринин дарегин, байланыш телефондорун алып калыңыз.

ЖУМУШКА АЛГАН СОҢ…

  • Бала багуучуну ишке алган күнү эле балаңызды таштап салбаңыз. Балаңыз ага көнмөйүнчө жанында болуп, кантип тамактандырасыз, кийинтесиз, ойнотосуз, уктатасыз баарын көрсөтүңүз. Анан да аны менен өтө жакын, сырдаш болуп кетпеңиз, кийин анын жасаган иштери канааттандырбай жатканын айта албай кыйналасыз.
  • Капысынан үйгө келип балаңыздын курсагы токпу, кийими, колу-буту тазабы текшериңиз.
  • Кошуналарыңыз, тааныштарыңыз бала багуучу сейилдөөдө өзүн кандай алып жүрөрүн байкашсын.
  • Эң мыкты индикатор – бул балаңыз. Балаңыз бала багуучу менен калгысы келсе, дем алыш күндөрү качан келет деп сураса, аны көргөндө сүйүнсө, бала багуучуну туура тандагансыз. Эгер балаңыз бала багуучу менен калбайм деп ыйласа, болор-болбоско чыргоолонсо, анда кырдаалды тыкыр көзөмөлдөңүз.
  • Колуңуздан келсе ар бир бөлмөгө видеокөзөмөл орнотуңуз да, бала багуучуга эскертпеңиз же кээде телефонуңуздун диктофонун жандырып таштап кетиңиз.

ЮРИСТТИН КЕҢЕШИ
«Арстанов жана Ко» юридикалык компаниясынын юристи АЙНУРА МАМАШОВА 2 тараптын ортосунда келишим түзүлүшү керек дейт:
– Эки тараптын ортосунда кагаз жүзүндө келишим түзүлүп, жумуш берүүчү менен жумушчунун укуктары, милдеттери пункт менен көрсөтүлүшү абзел. Бала багуучу тарабынан балага кол көтөрүү болсо, Кылмыш-жаза кодексинде көрсөткөн аракеттерине жараша оор, жеңил жазалар чектелет.
Келишимде аял-күйөө мамилелерине кийлигишпөө туурасында да пункт болууга тийиш. Эгер бала багуучу үйдүн эркеги менен көңүлдөш болсо же тартып кетсе, анда аял келишим бузулду деп сотко арыз менен кайрыла алат. Сот бала багуучудан моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн акчалай түрдө кандайдыр бир өлчөмдө компенсация өндүрүп бере алат.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу