Баласын өлтүрүп дивандын алдына катып койгон аял камалды.

Восток айылында үй шартында төрөгөн аял №1 абакка бир айга камалды. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Аламүдүн районунда аял үйүндө төрөп ымыркайды баштыкка салып дивандын алдына каткан. Бала куткаруучулар менен милициялар барганча чарчап калган.

Аялга карата киши өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал оор абалда Чүй областтык төрөт үйүндө жаткан, бирок кечээ айыкканына байланыштуу аны ооруканадан чыгарышкан.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу