Баланы жазаласа, алдамчы болуп чоңоебу?

Жазалоо менен эч качан жакшы натыйжа албайсыңар.

                                    

Мурун ата-эне баласын кур менен сабап, бурчка тургузуп же караңгы бөлмөгө кулпулап жазалчу. Азыр смартфонун же компьютерин алып коет. Психодраматерапевт Вита Малыгина эмне үчүн баланы жазаласа болбой турганын айтып берет.

Жаза тарбия берүү милдетин аткарбайт.

Жазанын жардамы менен (мисалы, түрмөлөр) коомго зыян алып келген адамды белгилүү бир мөөнөткө чейин коомдон бөлүп койсо болот. Бирок, 10 кылмышкердин 9у жазасын өтөп бүткөндөн кийин кайра эски адатын кайталайт. Соттор, юристтер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери муну жакшы билишет.

Жазалоо менен бир нерсени оңдоп, үйрөтүп же кандайдыр маселени чече алаарына ишенген ата-эне жаңылышат.

Жаза менен тарбияланган бала – алдайт, кууланат, ниетин жашырат.

Жазалап жатканда балаңар коргонууга аракет жасап, жооп кайтарганы жакшы. Моюн сунуп, психологиялык же физиологиялык жаракат алып жатканына чыдап тура берсе, зордук-зомбулукту норма катары кабыл ала баштайт. Мындай баланы оңой коркутса (каалаган адам) болот. Жазаланган бала ичиндеги бугун сыртка чыгаруу үчүн — өзүнөн алсыздарга кол салат, өч алат, кыйнайт, өзү да ооруп, азап чегет.

Жоопкерчиликсиз манипулятор өстүргүңөр келсе, көбүрөөк жазалагыла.

Жаза баланы жоопкерчиликтен куткарат. “Эрежелерди бузсам, туура эмес бир нерсе кылсам, артыман келип оңдоп турчу адам бар, ошол баарына кам көрөт”, — деп ойлойт.

Анда эмне кылышыбыз керек? Көчө таптап ойноп, сабагын окубай, орой мамиле кылса унчукпай олтура берелиби?!” дешиңер мүмкүн.

Жумуштан башкалар менен кантип тил табышып, маселени кантип жайгарасыңар? Бирөөнү ургуңар келип жатса да карманып, кырдаалдан чыкчу жолдорду издейсиңер да, туурабы?! Себеби, социалдык норма, эреже деген бар. Баланы жазалоо да ушундай. Ар дайым башка жолун тапса болот.

 “Табигый кесепеттер менен жазалоо” тууралуу айтып бергим келип турат. Бул чынында эле натыйжалуу.

  • Тамактанууга убагында келген жоксуңбу – өзүң ысытып же бышырып же.
  • Бирөөгө орой мамиле кылдыңбы – кечирим сура, таарынткан адамыңдын оюн ук.
  • Үй жыйнайм деген сөзүңө турган жоксуңбу – маселени чечүү үчүн амал ойлоп тап.

Чейреги начар чыкканы үчүн смартфонун алып коюу сыяктуу жазалар “табигий кесепеттер менен жазалоого” кирбейт.

                                                           

Балаң алдамчы, сага ишенбеген адам болушун каалайсыңбы? Жазала!

БУЛАК: bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу