«Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Бакыт Шаршембиев кармалды» деген маалымат – атайын таратылган калп» деп мекеменин басма сөз катчысы маалымат таратгы. Ошондой эле аталган комитет өлкө жетекчилигинин 2019-2023-жылдарга карата жарыялаган «Санариптик Кыргызстан» концепциясын жаманатты кылуу аракети жүрүп жатат деп эсептейт.
Шаршембиев пара менен кармалып, бирок кайра бошотулганын өткөн дем алыш күндөрү айрым маалымат каражаттары жазып чыгышкан.
Булак: «Азия ньюс»