Бакыт Төрөбаев жарашууга кадам таштады

Шайлоо учурунда Өмүрбек Бабанов менен тандем курган Бакыт Төрөбаев кийинки мезгилдерде эч нерсеге аралашпай тынч жүргөн.

Өлкөнү  туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы боюнча өтүп жаткан отурумда бийлик менен элдешүүгө ишаарат кылган сөз сүйлөдү.

“Алмазбек Шаршенович, өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым коштуңуз. Терең ыраазычылык билдиребиз. Адам катары сизди сыйлайбыз. Бизди сындадыңыз, бышырдыңыз”, — деди Төрөбаев.

Андан кийин Бакыт Төрөбаев Сооронбай Жээнбековго кайрылып аны да жеңиши менен куттуктап, 2040-жылга чейинки кабыл алынып жаткан программаны ишке ашырууга чогуу аракет кылууга ниеттенгендигин да билдирди. Муну менен сыртынан шек алдырбаса да Бабанов менен тандем түзүп алгандыгы үчүн кыйытып кечирим сурагандыгы байкалды.

Анткени, далай түндөрдү уктабай бир топ жоромолдорду жасаса керек. Эми чындап эле жаңы шайланган Президент  менен  биргелешип, бир багытта иштешип кетеби аны келечек көрсөтөт.

Эң негизгиси «Өнүгүү Прогресстин» лидери  азыркы бийлик менен мамилесин жумшартууга бул отурум чындап эле жардам берип кетти өңдөнөт.

Булак: ARGUMENT.KG

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу