Бакыт Төрөбаевди Москва экономикалык форуму колдоду

Өткөн жумада «Өнүгүү­Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Москва экономикалык форумуна катышып сөз сүйлөдү. Бул форум Россия тарабынан жыл сайын өткөрүлүп, дүйнөдөгү эң күчтүү экономисттер, саясий ишмерлер чакырылып келет. Бул жолу Кыргызстандын атынан президенттикке барчу негизги талапкерлердин бири катары сыпатталып жаткан Бакыт Төрөбаев чакырылган. Бакыт мырза форумда атайын доклад жасап, экономикалык каатчылыктан чыгуунун жолдорун сунуштады. Кыргызстан ЕАЭБне киргенден тартып бардык талаптарды аткарып жатканын, бул кадам стратегиялык туура кадам болгонун белгиледи. Ошондой эле 2030­ жылы ЕАЭБ менен Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн калкынын саны 3 миллиарддан аша турганын айтып, бул чоң рынокто Кыргызстан административдик борбор болушу керектигин билдирди. Өз кезегинде форумду алып барган Россиянын Илимдер академиясынын академиги Роберт Нигматулин Бакыт Төрөбаевге мазмундуу доклад жасаганы үчүн ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан Россиянын ишенимдүү негизги өнөктөшү экенин баса белгиледи.

Булак: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу