Бакыт Бакетаев: «Атамбаевди эл ээрчимек турсун, сүйлөгөн сөзүн угуп, ынанып, муюп уккандар көп экенин мезгил өзү көрсөтүп жатат»

Саясий серепчи, Бакыт Бакетаев: «Атамбаевди эл ээрчимек турсун, сүйлөгөн сөзүн угуп, ынанып, муюп уккандар көп экенин мезгил өзү көрсөтүп жатат», деп Ачык саясат гезитине маек берди.

—Бакыт байке, депутаттар экс-президенттин кол тийбестигин алып, кимдир бирөөнүн буйругун аткарьш, өчүн алууга салым коштубу же мыйзам ченемдүү эле нерсени жасап, добуштарьш бериштиби?

—Чынын    айтсам,   экс-президенттин кол тийбестик макамын алууда эң негизги мотив өч алуу болду. Аны мен эмес, эл да айтып жатат. Жогору жактагылар өч алуу үчүн ушундай кадамга барып жатканын. Ал тургай кол тийбест макамынан ажыратып алып, камаганга ашыгып жатат деп жатышат.

—Бирок, Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары баары эле бийлик ойлогондой боло бербесин айтышып, Алмаз Ша-шеновичти жок кылуу саясатына каршы турарын билдиришти го?

—Атамбаевдин тарапташтары аны оңой эле бийликтин колуна салып бербейбиз, коргойбуз, адилеттүүлүктү, акыйкаттыкты талап кылабыз деп жатышат. Ошон үчүн Алмазбек Шаршеновичти жок кылуу саясатына каршы турабыз деген ойлорун ачык айтышууда.Окуялар ушул багытта өнүгө берсе, кырдаал курчуйт. Бирок, бу сапар революция болбойт. Аны мен Льва Николаевич Гумилёвдун этностор боюнча тархый проце-стердин өнүгүшүн иликгеген илимий ишине таянып айтып жатам. Ал мен сөз кылган ишинде Кыргызстан азыр дагы бир революцияны көтөрө албасына токтолуп, эгер дагы бир революция боло турган болсо, 2028-жылы гана ишке ашаарын жазган. Бу жолу бийлик катаал чечимдерди кабыл алса да, эл каршылык көрсөтсө да, революция боло турган кырдаал жаралбайт деп ойлойм.

—Атамбаевдин эл чындыкты укпасын деп Сооронбай Жээнбеков менин үнүмдү басыш үчүн болгон аракетин жумшап жатат дегенине ынансак болобу?

—Бийлик табиятынан эяе бийликке каршы сүйлөгөндөрдү басынтат жана ага каршы сүйлөгөндөрдү жазалайт. Ал үчүн түрдүү ыкмаларды коддонот. Бул демократиянын бир көрүнүшү десек болот. Бирок, айрым учурда чектен чыгып, бийлик укуктук эмес жоддорго да барган мамлекеттер бар.

—Экс-президент Кой-Таштагы кайрылуусунда «Мен жоопкерчиликтен корккон жерим жок. Бирок тарыхтын алдында Жээнбековдор кылып жаткан мыйзамсыздыкты легалдашгырууга акым жок», — деди го…

— Атамбаевди не кылышса да, саясаттан кетпейт. Эмне кылышса да, суйлөгөнү сүйлөгөн. Кандай кырдаал, каңдай маселе жаралса да өз чындыгын айтып, саясаттын чордонунда болот.

— Баса, Иса Өмүркулов жугунду ичкендин баары Атамбаевдин короосуна чогулду дептирго. Мурда Атамбаевди өзү баш болуп, айга күнгө теңеп, журт атасы деди эле го?

—Ар бир адамды өзгөчө саясатчыларды колдргондор да, колдобогондор да болот. Кызыкчылыгы бир болуп турган мезгилде бири-биринин колдоосун көрүш үчүн айга-күнгө теңешет. Иши бүткөндөн кийин же мамилеси бузулуп калса, бири-бирин түрдүү ат менен атай баштайт. Кимиси эл алдында уяткарып алса, мен уттум деп ойлошот. Бирок, алар антип ойлошкону менен бири-бирине жаман сөз менен атаганы саясий маданияттуулукка жатпайт. Алар андай жаман сөздөрү менен упай топтобой эле тескерисинче эдди иренжитип алышат.

—Атамбаевдин артынан эл ээрчибейт деген да пикирлер да бар? Ишенсек болобу?

—Анын баары арзыбаган сөз. Анткени, Атамбаевдин артынан эл ээрчибейт деген кичинекей балдардын сөзү. Чынында элге 100 пайыз эч ким жакпайт. Кыргызстанда баардыгы жакшы көргөн адам жок. Атамбаевди эл ээрчимек турсун, сүйлөгөн сезүн угуп, ынанып, муюп уккаңдар көп экенин мезгил өзү көрсөтүп жатат го. Атамбаевдин оппозицияга кеткенинен чочулабай керек болсо кубатташыбыз керек болчу. Ал досуна туурасын туура деп, бул жерден катачылыкка жол бердиң деп кемчилигин кошо айтмак. Анын андай сөздөрү мамлекет үчүн азыркы бийлик үчүн да пайдалуу болмок.

—Коррупция менен күрөш үчүн сөзсүз колго кишен салыш керекпи?

—Коррупция менен күрөш үчүн колго кишен салуунун кереги жок. Ошондой эле эл душманындай сүрөтгөөнүн, кайра-кайра теледен берип, каралоонун да кажети жок. А дегенде системаны өзгөртүш керек. Бииликтин архитектурасын өзгөртүү зарыл. Аны өзгөртмөйүн, Сооронбай Шарипович беш жылдан кийин бийликтен кеткен соң анын да жанындагылар бир нерсени «апчып-чапчып алган» боло берет». Ушул жагдай уланып, азыркыдай кырдаал анда да кайталана берет.

—Неге Кыргызстанда бардык кызматтар саясатташып кетти?

—Туура айтасыз азыр саясат катышпаган кызмат жок. Айыл өкмөт башчысынан президентке чейинки кызматтын баары саясатташып кетти. Азыр саясат абадай болуп калды. Саясатсыз эч ким жашай албай калды. Биз жаңы доордогу жаңы укуктук мамлекетги эми курууга киришип жатабыз. Ошон үчүн кандай маселе болсо да, ким күнөөлүү экенин далилдегенден кийин сот гана айтышы керек, андан мурун оозанып айтпаганга көнүшүбүз керек.

—Соттор неге саясий чечим чыгараарда жогору жактын гана талабын канаатгандыруу адатка айланып алды?

—Бизде сотко ишеним аз. Кыргызстандагы соттор айрыкча саясий жүйөсү бар маселелерди караганда бийликтин көзүн карап калат. Анткени, өлкөдө эл ишенгидей сот реформа болгон жок. Ошон үчүн убакытты упурбай системаны өзгөртүшүбүз керек. Антпесек бүгүн кыйын болуп жаткандар эртең өздөрү ушул системанын курмандыктары болуп калышы толук мүмкүн.

Чынайым Кутманалиева,

БУЛАК: Ачык саясат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу