Бакыт Байсариев аялдардын талкуусуна аралашып…

Алып баруучу, тамада Бакыт Байсариев интернет тармагында  активдүү колдонуучулардын катарын толуктайт. Инстаграм баракчасына ар дайым позитивдүү постторду бөлүшүп турат. Андан сырткары жеке баракчасы аркылуу  башка постторго да өз пикирин калтыруудан тартынбайт. Анда, үй-бүлөлүү айым, Instagram баракчанын бирине жолдошунун туулган күнүнө ич кийим алганын айтып, «Дагы кандай белек берсем?- деп интернет колдонуучуларына суроо салган. Негизинен бул  Instagram да айымдар үчүн ачылган блог болуп эсептелинет. Ал эми бул суроого аялдар гана эмес, шоумен Бакыт Байсариев да, «Тур, тамак жасап бер»- деп өз пикирин калтырган. Мындай билдирүүгө айымдар блогунун жазылуучулары,  «Бакыт Байсариев эмне кылып жүрөт бул жакта?, «Элге, журтка төбөсү көрүнгөн, маданиятты жакшы билген инсансыз, аман эле болуңуз»-десе, Бакыт Байсариев кайра жооп кылып,  «Сен дагы аман бол»- деп жазган.

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу