Бактылуу үй-бүлөдөгү эркектердин сапаттары

Үй-бүлөөнү бекемдөөчү бир канча факторлор бар. Айрымдары финансылык. Мисалга, үстүндө үйүнүн болушу жана тамак-аш сыяктуу. Андан кийинки орундагы факторлорго бири-бирин сыйлоо, урматтоо ж.б кирет.

Бактылуу үй-бүлө курган эркектердин адаттары

Сырткы келбетине көңүл буруу

Аялыңыз менен жолуккан алгачкы күнүңүз эсиңиздеби? Келечектеги аялыңыздын колун кантип сурадыңыз эле? Бул нерселерди айтып жаткандыгыбыздын себеби, көбүнчө эркектер үйлөнгөндөн кийин жумуш-үй болуп, зеригичтүү жашоо образына кирип кетет. Ал образдан чыгып, активдүү жашоо образына кириңиз.

Үй иштери

Көпчүлүк эркектер үйдүн таза болуп турушун каалайт. Дал ошонун айынан үй-бүлөлүк чыр-чатактар чыгат. Ал үчүн сиз жубайыңызга жардам ирээтинде үй иштерине жардам берүү менен ал маселе чечкен болосуз.

Көңүл буруу

Биз ушундай биздин көңүлүбүздү көп нерсеге бурган жашоо ритминде жашап келебиз. Мисалга, кафе, ресторандарда отурган жубайлар бири-бирине көңүл бөлгөндүн ордуна телефондору менен алек болуп олтурат. Алар ар дайым бири-бири менен байланышта, бирок ортолору өтө жакын деп айтуу кыйын.

Кам көрүү

Эркек киши аялына физикалык жана эмоционалдык кам көрө билүүсү кажет. Мындай ойду алгач эркек баштоосу абзел. Айрым эркектер өзүнүн колунда турган аялынын мээримин акырындап жок кылуусуна себеп болот.

Бири-бирине мээрим төгүп, көңүл бөлгөн жубайлар бактылуу үй-бүлөнүн символу катары сыппатталат.

БУЛАК:  zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу