Жашообузда “өзүмчүлдүк” алдыңкы планда болгондугу үчүн, көпчүлүк жубайлар эки ажырым жолго тушүп жаткан учур. Кулакка жагымдуу сөздөрдү сүйлөө, болор-болбос нерсеге тартышуудан баш тартуу жана ар дайым кечирим сурап, кечиримдүү болуу “Бактылуу мамиленин” ачкычы.
Бактылуу мамиленин сырлары боюнча, төмөнкү кеңештерге токтолобуз
Бири-бириңизди басынтуунун ордуна, комплимент сөздөрүн айтыңыз
Эмне үчүн чогуу жашап жүргөнүңуз боюнча, ойлонуп көрдүңүз беле? Бактылуулукту, сүйүнүчтү жана капаланган учурду бөлүшүү жана бири-бириңизден ырахат алуу туурабы?
Тартышуу учурунда бири-бириңизге кыйкырбай баарлашыңыз!
Жубайлар ортосунда ара-сырада тартышуулар болуп турат. Алар бири-бирине болгон сынды сылык сөздөр менен деле айтса, ал маселе чечилет. Себеби, бири-бириңизге бакыруу менен эч кандай маселе чечилбейт.
Өткөн иш өтмүш боюнча калганы жакшы
Жубайлар өтмүштө көп ката кетирген болушу мүмкүн. А бирок, ал нерселерди ар дайым эстеп, ызалана берүү болбойт. Себеби, ал өтүп кетти, кайра кайтып келбейт. Ал нерселерди уламдан-улам кайталап эстей бергенден оолак болуңуз.
Ката кетирсеңиз кечирим сураганды унутпаңыз!
Бир адамдын ката кетирүүсү, дүйнөнүн акыры эмес. Эгерде сиз кетирген катачылыгыңызды байкасаңыз, анда дароо “Кечирим” сураганыңыз жакшы.
БУЛАК: zaman.kg