БАКИЕВДИН МҮЛКҮ СОЦИАЛДЫК ӨНҮКТҮРҮҮ МИНИСТРЛИГИНЕ ӨТКӨРҮЛДҮ

Мамлекеттик мүлк фондунунан билдиришкендей,  тактан кулатылган президент Курманбек Бакиевдин мүлкү социалдык өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилди.

Маалым болгондой,  Бакиевдин Бишкектеги Жибек Жолу проспектинде жайгашкан имараты эми министрликтин карамагында болот. Бул үй 2010-жылкы окуяларда өрттөнгөн. кийин анда үй-жайы жок майып адамдар баш калкалап келген.

Эске салсак, Курманбек Бакиев бийликке 2005-жылы “жоогазын” революциясынан кийин келген. 2010-жылы апрель окуяларынан соң Белоруссияга качууга аргасыз болгон.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу