Бай менен карапайым адамдын ой-жүгүртүүсүндөгү айырма.

1.Кедейлер менен орточо деңгээлдеги адамдар акча үчүн жумуш иштешет. Байлар акчаны өздөрүнө иштетет.

2.Көптөгөн адамдар «Мени акча кызыктырбайт» дейт. Бирок күнүнө 8 саат акча табуу үчүн кара тер төгүп эмгектенишет.

3. Сиздин канча акча тапканыңыз эмес, сизде канча акча сакталып калганы маанилүү.

4.Эгер бай болгуңуз келсе каржылык билимиңиз болуусу керек.

5.Байлар активтерди сатып алышат. Кедейлер менен орто деңгээлдегилер өздөрү актив деп санаган пассивдерди сатып алат.

6.Активдер биздин чөнтөгүбүзгө акча салат. Пассивдер чөнтөктөгү акчасын алып чыгат.

7.Адам кесиптик жактан жогорку билимдүү жана табышкер болуп туруп, каржылык жактан сабатсыз болушу мүмкүн.

8.Акылдуу адам өзүнөн акылдуу адамды жалдайт.

9.Мектептер жумуш берүүчүлөрдү эмес, жакшы кызматкерлерди даярдап чыгарат.

10.Өз бизнесиңиз менен алектениңиз. Негизги жумушуңузду таштабаңыз, бирок пассивдерди эмес, чыныгы активдерди сатып алууну баштаңыз.

11.Акча үчүн жумуш иштеп отуруп сиз өзүңүздү жумуш берүүчүнүн бийлигине бересиз. Сиздин акчаңыз сиз үчүн жумуш иштегенде сиз бийликти өз колуңузда кармайсыз.

12.Эмгек акы – сиз жумуш иштеген акча ал пассивдик жана портфельдик киреше – сизге жумуш иштейт.

13.Байлар менен кедейлердин айырмасы алардын өз коркунучтарын кандай жеңеринде.

14.Көптөгөн адамдар каржылык жеңишке жетишпейт. Себеби алардагы бир аз гана акчаны жоготуп алуу коркунучу байлык алып келчү кубанычтан да кымбатыраак.

15.Бизде бар эң кубаттуу актив – биздин акылыбыз. Жакшы чыңдалган акыл бара-бара чоң байлыкка алып келет.

16.Каржылык кыйындыктар адамдардын өмүр бою бирөөгө жумуш иштөөсүнөн келип чыгат.

17.Кедейлик менен банкроттуктун арасында айырмачылык бар. Банкрот болуу – убактылуу жагдай, ал эми кедейлик – туруктуу жагдай.

Автор: Роберт Кийосаки «Богатый папа, бедный папа».

Аргумент.kg
Жооп калтыруу