Байсаловдой улутчул, мекенчилдерди колдонууга мезгил келди…

Жакында эле ифтарга чогулган кыргыздын көрүнүктүү аксакалдары, саясатчылар жана коомдук ишмерлердин арасында Эдил Байсалов жөнүндө көп чыгып калып, баарынын пикири бир жерден чыгып, калың элге аттын кашкасындай таанылып калган Эдилди жакшы макташты. Чоң саясатка студент кезинен бери активдүү катышып, бир да жолу кандайдыр бир ыплас иштерге аралашпаганы, дайыма коркпой үркпөй, бийликтин бетине чындыкты айтканын, жөнөкөй элдин кызыкчылыгын жактаганына чейин сөз кылышты. Эң, кызыгы ошол ифтар убагында Акаев менен Бакиевдин чоң-чоң, кызматтарын ээлегендер Байсаловдун сындары туура эле айтылганын, ал чын жүрөктөн акыйкаттыкты жактаганын, жылуу сөздөрү менен далилдеп, мактоолорун  аяшкан жок. Уюшулган кылмыштуу топтор мамлекеттүүлүгүбүзгө чабуул жарыялашканда, бир дагы мен-мен деген кыйындар мыйзам менен тартипке болушуп чыкпаган оор абалда,так ушул Байсалов эрдигин көрсөткөнүн эстеткендер болду. Биз да ошол жерде отуруп, кыргыздын арасында дагы мактоого арзыган мыкты мекендештерибиз жөнүндө көп болгонуна ыраазы болдук. Ооба, Эдил Байсалов азыр жаш. Дагы тайгак ашуулардан, чоң- чоң сыноолордон өтүшү керек. Бирок, кыргыздын сөзүн унутпайлы, туугандар. Көп жашаган эмес, көптү көргөн билет. Байсаловдун билими десең билими, чынчылдыгы, улутчулдугу, тазалыгы сыяктуу жакшы сапаттары бар. Мамлекет, улут дегенде жанын садага чабууга даяр болгон ушундай билимдүү жаштарды азыр колдонбогондо качан керекке жаратабыз? Эски төөнүн көзүндөй болгон кадрлар менен убакытты өткөрө бербей, өзгөрүүгө барганга мезгил келип жетти.

БУЛАК: Жаңы Ордо

Аргумент.kg
Жооп калтыруу