Байлыгы бар, бирок баркы жок Салымбеков

Байлыгы менен элге таанылган Аскар Салымбековду тааныбаган киши деле болбосо керек. Тээ илгери кичине балдардан “чоңойгондо ким болосуң” деп сураса “Салымбеков болом” деп айтышчу эле.

Ооба, Аскар мырзага байлыкты берген, бирок кадыр-баркты берген  эмес. Минтип айтып жатканыбыздын мааниси тереңде.

Анткени кичи мекени болгон Нарында такыр эле баркы жок. Анын себеби, губернатор болуп, эки чылбыр бир тизгинди колуна алып турганда оозго илине турган эч бир иш кыла алган эмес. Ал турсун Нарын шаарынын жалгыз көчөсүн оңдогонго дагы жарабай, кийин Канаттын зам губернатору болуп иштеген Кочкорлук Сабырбек Сардарбеков эч кандай байлыгы жок жалгыз көчөнү асфальтап берип кадыр алды.

Соода жолу менен акча тапкан баатырлык эмес, элдин оозуна алынган баатрылык экенине турмуш өзү күбө. Аскар мырзанын “Эмгек” партиясы депутаттык ат салышта эч кандай мааниге ээ болбогону элге кадыры жоктон белги берип жатпайбы.

Айталы дегенибиз, байлык илдетине кабылгандан алыс болуп, элге алынып, эл топтогон кандай бакыт. Андыктан “көп жеген тамак ден-соолукка зыян, көп топтогон байлык өмүргө зыян” деп айтылгандай, колдон келип турганда кадыр-барк  алганга эмне жетсин!

Баккара Булаков

Булак: NazarNews,kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу