Бажа гейт

Азыркы өкмөт башчы Абылгазиевдин бажасынын баласынын кылыктары, кылган былыктары коомчулукка чыгып, бажасы менен баласы иштен кетип, мурда-кийин алган акчаларын алар кайра кайрып берди.  Муну менен иштин этеги сууп, токтоп калган жок. Ушул кезде да коом ичинде кызуу талкууга жем таштап, өкмөт башын дал ушул жоруктары үчүн кетишин талап кылууда. Бирок, Абылгазиев анын баласынын аталган жайда иштээрин жакында эле билгенин айтып кутулду. Сыягы,  бул бажалар жакындан бери баш тырмашып,  ал акыбал сурашпаса керек. “Бажа гейт” Абылгазиевдин абалын бир топ оорлотуп койду.

Булак:факты кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу