Бажалардын башы кычышса коомчулук «давлена» болот

Бир кездери мезгилдүү кыргыз басма сөздөрү «Партиялар парады », «Экстерде эмне кеп?» деген оңдуурубрикалар астында бир багыттагы маалыматтарды жарыялашаар эле. Дегеним, жалаң партиялар же жалаң экстер туурасында кеп кылышып… Ушу тапта бүтүндөй кыргызстандыктар бир рубрика таба албай аябай кыйналышууда. Анткени, учурдагы Өкмөт башчынын айланасын дагы ызы-чуу кептер саясаттын күрөө тамыры болуп турбайбы. Айрыкча, «бажа» темасы кызуу талкууда. Экс-министр Иманкадыр Рысалиев өкмөт башчынын бажасы экендиги, ал жаңы түзүлгөн «КТ Мобайл» байланыш тармагына көшөгө артында кожоюндук кылганы элди нааразы кылды. Бирок, Иманкадыр мырза өзүм билемдик аракеттери менен өкмөт башчынын аброюна келеке түшүргөнүн түшүндү бекен деген суроого жооп таппай турубуз. Эми кептин багытын буралы. Рысалиев деген «бажабаатыр» боюнча баары талкууланды көрүнөт. Биз бир билгенибизди айтып койгубуз келди. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өзүнүн бир тууган агасы Калыйнур Абылгазиев менен уялаш бажа экенин көпчүлүк биле бербейт. Тагыраагы Мукан мырза агасы Калыйнурдун бир тууган балдызын алган. Демек, түшүндүңуздөр да ээ, кимдин ким экенин. Эгер түшүнсөңөр анда бажалар туурасында би-ир жакшы рубрика тапкыла. Акаев доорунда «балдыздар» бар эле, Бакиев доорунда «үкөлөр» мода болгон, Атамбаевдикинде «шоопур-жансакчы» көп эле. Айтор, азыр эми «бажалар» доор суруп аткандай…

БУЛАК: Мантыш

Аргумент.kg
Жооп калтыруу