Бабанов 17синде камалабы…

Бабановдун Он-Адыр айылында сүйлөгөн сөзүнө байланыштуу 13 арыз БШКга келип
түшкөн. Боршайком анын сөзү жазылган видеону УКМКдан экспертизадан өткөрүүнү
суранган. Бул тууралуу Боршайкомдун мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди.

“Кечээ, БШКнын мүчөлөрү чогулуп, экспертизанын
жыйынтыгын күтпөстөн, ага эскертүү берди. Мыйзам
боюнча 3 жолу эскертүү берилген соң, талапкерди
шайлоодон четтетсе болот. Бүгүн, БШК Бабанов
боюнча бир чечимге келет, аны шайлоодон четтетүү
чечими кабыл алышы мүмкүн”, – деди ал.
Өмүрбек Бабановду шайлоого катыштырып, шайлоо
өткөндөн эки күндөн кийин камайт деген кептер
айтыла башталды.

Булак:fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу