Бабанов менен Атамбаев биригүүнү сүйлөштүбү?

Буга чейин Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келе турганын, инвестиция тартуу менен бийликке кызматташуу жолду сунуш кылган. Бирок, ага оң жооп болгон эмес. Козголгон кылмыш иштери боюнча суралып, камакка алынышы жең ичинен бычылган болчу. Кырдаалды байкаган Бабанов оңой олжо болмок беле? Бишкекке келүүдөн баш тартты. Себебин түшүндүрдү: саясый чыңалуулар провокациялык чатактарга айланып кетиши боюнча жоруп. Реалдуу турмушта Бабановдун электораты жана миллиондору арбын. Ал бүгүнкүдөй күчү менен оңой-олтоң саясаттан кете койбойт. Түрмөгө келип кор болуп жаткыча сырттан бийлик менен күрөшүп, Бишкектеги негизги күчтөрдү пайдаланууга кызыгат. Учурда ресурстары бай Алмазбек Атамбаев башкы оппозиционерге айланып алды. Бабанов эски санаалашы катары аны менен тил табышууга бара турганы айдан ачык. Биздеги маалыматтарга караганда, экөө жакынкы күндөрү сүйлөшкөнү каңкууланды. Атамбаевдин максаты – кандай жол болсо да бийликти кулатуу, өч алуу экенин байкап атабыз. Бабановдун көздөгөнү – парламенттик шайлоодо партиясын өткөрүү, акырында президенттик такка отуруу. Туурабы? Ооба. өтө логикалуу. Эмесе, эки лидердин душманы Сооронбай Жээнбеков болуп аткан соң, баардык айла-амалдарын колдонушат…

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу