Бабанов Атамбаевге ооду…

Социалдык тармактарда, айрым маалымат каражаттарында бийлик Өмүрбек Бабановго бир команда болуп иштешели деп жуучу салып убара тартып жатканы айтылып, жазылууда. Жуучулук милдетти президенттин иниси Асылбек Жээнбеков менен КСДП депутаты Төрөбай Зулпукаров айткарып жатканы да сөз болууда. Бабанов болсо бийликке аткарылгыс талаптарды койгону да кызуу талкууланууда. Башкача айтканда, бийликтин Атамбаевге кошулуп кетпесин деп жуучу салган адамдарына Бабанов кылмыш иштерин кыскартууну, премьер-министрлик кызматты берүүнү, министрлер кабинетин өзү түзөөрүн, ага кийлигишпөө сыяктуу талаптарды койгон. Натыйжада, барган тарап бир пикирге келе албай коюшканы айтылып жатат. Ал ортодо Бабановдун позициясы билинди. “Республика” партиясынын жаштар канатынын лидери Азамат Баяманов, Атамбаевди колдогон «Элдик штабдын» талаптарын колдоорун жар салып, “Кыргызстанда эски элита түп-тамыры менен жоголуп, жаңы лидерлер келиш керек» — деген чакырык таштады.

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу