Бабановдун тагдыры

Бабанов эгерде шайлоодон кийин өзүнө козголгон кылмыш ишинен чочулабай өлкөдө калып калса эмне болот эле? Бул суроого ар кандай жоопторду берсек болот. Анан эмне үчүн дагы бир белгилүү саясатчы Темир Сариев Бабановдун эң чоң катасы анын өлкөдөн чыгып кеткени болду деп айтты. Айтор Бабановдун фигурасынын тегерегинде түрдүү сөздөр арбын. Бабанов өлкөдөн чыгып кетип эле тим болбостон, саясаттан биротоло кеттим деп ММКлар аркылуу жар салды. Парламентте «Республика-Ата журт» фракциясы лидери жок калды. Ал турсун ордунда калган жакын досу Руслан Казакбаевди да фракциялаштары оодарып түшүштү.

Бабанов саясаттан өзү эле кетпестен, партиясын дагы алдырып тынды окшоп калды. Бул окуянын өзү кыргызстанда партиялар идеянын эмес, лидердин гана тегерегинде топтолорун далилдеп койду. Эң кызыгы экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн каналы аркылуу маек берип, Бабановго карата козголгон ишти жабуу керектигин президент учурунда УКМКнын жетекчилигине тапшырма бергендигин айтты.

Бабановдун Он-Адырда сүйлөгөн сөзүндө улут аралык мамилени козутуу болбогондугун экспертизанын жыйынтыктары далилдеп берди деди. Бабанов өзү бул боюнча азырынча үн ката элек. Бабанов жаңы жыл алдында фейсбуктагы өз баракчасы аркылуу кыргызстандыктарды куттуктап, азырынча келбей тургандыгын айтып, Атамбаев менен үч тараптуу билдирүүнү четке какты.

Бул маалымат боюнча Алмазбек Шаршеновичтин өз абийирине койдум деп жазган. Ошондой эле ал ишкердик менен алектенип жатканын, бизнес долбоорлору менен деле кыргызстанга пайда алып келээрин баса белгиледи. Бирок бир нече убакыттан кийин бул билдирүүнү «Республика» партиясынын жаштар канаты бул маалыматты фейк деп аташты. Демек Бабановдун кайтаар кайтпасы акталаар акталбасы азырынча белгисиз бойдон калууда.

Булак: «ARGUMENT.KG»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу