Бабановду сөзү мыкты, а ишичи?..

Үгут жүргүзүү жагынан Бабанов эч кимди алдына салбай келе атат.  Саясаттабы, экономикадабы пландарын ташка тамга баскандай кылып айтууда. Бирок, улуу акындарыбыз айткандай кептин баары ошол бироктон башталат эмеспи. Бабанов саясатка кечээ эле келген жок. Ошондуктан анын кадамдары элдин көз алдында. Парламенттик шайлоо учурунда, көпчүлүккө Өмурбектин бийликти же Президентке же премьерге бериш керек дегени абдан жаккан. Бирок, парламентке келгенден кийин анысын эстеп да койгон жок. Экинчиси ар кандай окуядан улам тандемдеши Камчыбек Ташиев шайлоодон алынып салынганда баш жагында жакшы эле күпүлдөп камчыкени колдоп жаткандай болгон.  Кийин эки партиядан шайланып келген ири фракцияны атаандашы жок башкарды. Бул дагы көпчүлүккө белгисиз далай окуяны каңкуулап турат окшойт.   Ошондуктан ойлонгон электорат андан чочулабай койбойт, анткени укмуш берген убадалар аткарылбай калаарына көздөрү жетип турат оңдөнөт.  Анын Казактын үлкөн Утемуратов сыяктуу  бизнесмендери менен байланышы дагы далай суроону жаратпай койбойт.  Өкмөт башчы болуп турганда кадрларды калчады деп казак досу Кайсар жонүндө да далай кептер чыккан, эми Президент болуп калса эмне кылат?

БУЛАК:ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу