Баарыбыз билген УКМКнын эзелтен иши ушу да, Ага неге таң калабыз?..

Албек Ибраимовду бир жума мурун эле УКМК сурака чакыртканы тууралуу расмий маалыматты массалык маалымат каражаттары берип атты. Аны Албек мырза деле өзү окуса керек. Бирок ал киши мыйзамды да, УКМКны да тоготпосун көргөзүп хан сарайында жатып алганына ким күнөөлү? Мындай тоң моюндук кылуунун канчалык зарылдыгы бар эле? Албетте ал киши тоготпосо анын өз иши. Бирок чакырган киши сурака келбесе, аны спецназдар барып үйүнүн алдына кызыл килем жайып, лимузинге салып келмек беле? Же эки чекист жетелешип барып, куралчан турган жан сакчылардан ары өтө албай, «Албек Сабырбекович!» деп алыстан кыйкырып жанагыл баш аягы жок тосулган пескоблок дубалды айланчыктап жүрөт беле?

Албек Ибраимовду кармап келген соң, азыр анын тарапташтары «балабыздын үйүн бастырып киришти» — деп, эртеден бери уу-ду. Албетте туугандары күйүп, карга да баласын аппагым болуп атышат. А бирок баарыбыз эле билген УКМКнын эзелтен иши ушу да. Мыйзамды сыйлап өзүң басып келбесең Акаев доорунда деле, Бакиев доорунда деле, Отунбаева, Атамбаев доорунда деле бастырып эле кирип жүргөн баягы эле УКМК да. Ага неге таң калабыз? А негизи таң калыштан мурун, өзүбүз биринчи мыйзамды сыйлаганды үйрөнсөк, мындай ШОУлор азыраак болмок.

Медер Шерметалиев

Аргумент.kg
Жооп калтыруу