Баардык ишке кантип жетишсе болот?

Ар бир аялдын мойнунда эч бүтпөгөн жумуш бар. Тамак даярдоо, бала багуу, жумуш жасоо, үй жыйноо жана башка ушул сыяктуу толгон токой иш турат. Ушунун баарын кантип жетишип жасоого болот? Кеңешибизге кулак түрүңүз.

1. Иштериңиздин маанилүүрүгүнө карап бөлүңүз

Эң биринчи маанилүү иштерди жасап чыгыңыз. Күйүкпөңүз, тынчсызданбаңыз. Башкаларын кийинкиге калтырыңыз же болбосо башка бирөөгө тапшырып бериңиз. Баардык ишти бир убакытта иштейм деп өзүңүз чарчап каласыз. Кээ бир иштерди кийинкиге калтыруудан коркпоңуз.

2. Бардыгын бир заматта бүтүрүүгө тырышпаңыз

Бул көп кыз-келинчектердин эң башкысы катачылыгы. Маанилүү иштерди бөлөк, кийинкиге калтырууга болгон иштердин тизмесин жасаңыз.

3. Бардык каттар менен коңгуроолорго жооп бере бербеңиз

Электрондук каттар менен баардык телефон коңгуроолорна жооп бере бербеңиз. Бул өзгөчө колуңуз тийбей жатканда өтө маанилүү. Коңгуроонун өтө зарыл эмес экенин сезсеңиз жооп бербей эле коюңуз.

4. Бардыгын идеялдуу жасоого тырышпаңыз

Перфекционизм — бул жакшы өзгөчөлүк. Бирок кээде бул өзгөчолүктүн да зыяндуу жагы болот. Ар бир нерсеге маани берип, башыңызды катат. Ошондуктан бардык энергияңызды болбогон нерсе үчүн жумшабаңыз

5. Бардыгын көңүлүн алууга аракет кылбаңыз

Бардык адамдын көңүлүнөн чыгууга тырышкандан жаман нерсе жок. Себеби сиз эч качан баардык адамдын көңүлүн ала албайбыз. Ошондуктан буга көңул бөлүп, чарчаганды токтотуңуз. Өзүңүз жасаш керек болгон ишти аткарыңыз.

БУЛАК: zaman.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу