А. Ибраимов өз шалаакылыгын, жоопкерчиликсиздигин түшүнбөй, «саясий куугунтук» тууралуу эмнени түшүнөт?

13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, шаар мэри Албек Ибраимовго ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Сессияга 40 депутат катышса, ошонун баары А. Ибраимовго ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү колдогону маалым болду. Чукул чогулуунун себебин шаардык кеңештин төрагасы Алмазбек Кененбаев Бишкек шаарындагы саясий абал, мэриянын иши, аткаминерлерге козголгон кылмыш иштери менен түшүндүргөн. Шаардык кеңештин кезексиз сессиясын чакырууну беш фракция сунуш кылган. Шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаевдин айтымында Албек Ибраимов өзүнүн биринчи орун басары камакта жаткан учурда шаарды таштап кеткен. «Мен өзүм да КСДП фракциясынанмын. Албек Ибраимовду биздин фракция мэрликке талапкер катары көрсөтүп, абдан колдогонбуз. Ошондуктан биз жоопкерчиликти сезип, чукул сессияга чогулдук. Шаарда ушундай кырдаал болуп калганда мындан да жаман кырдаал түзүлбөсүн деп кабатырланып атабыз. Анткени кышка даярдык болушу керек, күзгүгө ар кандай иш-чараларды өткөрүш керек, биринчи орун басары камакта жатса, ушундай мезгилде өзү шаарды таштап кетип калганы туура эмес, — деди ал. Мына ушул шаардык кеңештин чечими боюнча Албек мырза өзү кайсы бир талаада туруп алып, кайрылуу жасады. Кыскача айтканда, ал бул чечимди «саясий заказ» деп атады. Бирок, мунун эч кандай саясий заказ эмес экенин коомчулук көрүп турат. Аны шаардык кеңештин төрагасы, КСДП фракциясынан депутат Алмаз Кененбаевдин айткандары ырастап турат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу