Аяна: «Каалабасам да күйөөм менен жашаганга мажбурмун…» Эмне кылсам?

Турмушка чыккам, бир кыздын энесимин. Көр турмуштун, жумуш жоктуктун жана башка көйгөйлөрдүн айынан жолдошум экөөбүздүн мамилебиз бузулган. Күйөөмдүн туруктуу жумушу жок, азыркы учурда да бош жатат. Батирде жашагандыктан, өзүм иштеп акчасын төлөйм. Жашоого болгон каражаттын барын мен табам.

Мындан ары бирге жашай албасыма көзүм жеткендиктен, күйөөм менен бир нече жолу ажырашууга аракет кылдым. Бирок мен самаган тынч жашоону таба албай кыйналып жүрөм. Себеби, ал мени менен ажырашууга каршы. Кайда кетип калбайын, артыман келип, сабап аны менен бирге жашоого мажбурлайт.

Учурда чогуу жашап жатабыз. Ажырашуу тууралуу сөз болду дегиче көзүм көгөрөт. Кызымды алып, алыс жака кетип жашаганга шартым жок. Андан аябай корком. Бир нече жолу өлтүрүп кое жаздаган.

Мындан ары мындай зомбулукка чыдагым келбейт. Эмне кылаарымды билбейм. Жашоого эч кандай үмүтүм калбай калды.

Кеңеш күтөм.

Гүлбарчын Жумабаева, эрте курактагы никелер жана зордук-зомбулук боюнча эксперт

Урматтуу окурман, башыңыздан өтүп жаткан зомбулук жөнүндө ачык айтканыңызга чоң рахмат!

Бир дагы аялга кадыр-баркын басмырлаган зомбулук жасалбашы керек. Аялдарга, балдарга карата зомбулук жасалганда, мамлекет аларды коргоого алат.

Мындай кордукка чыдай берсеңиз, эртең ден соолугуңуздан ажырайсыз. Өзүңүзгө же балаңызга  жардам бере албай оорулуу болуп каласыз. Ошондуктан, мүмкүнчүлүк таап 102ге (милиция) же 112ге чалыңыз. Милиция сизге коргоо ордерин берет.

Коргоо ордери — бул мамлекет аялды зомбулуктан коргоого алат деген документ.

Ал күйөөңүзгө эки шарт коет:

1) урганды дароо токтотуу;

2) кичинекей балдар менен байланышууга тыюу салуу.

Эң жакын адамдарыңызга, туугандарыңызга, кризистик борборлорго, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобундагы, бейтапканадагы дарыгерлерге кайрылыңыз.

БУЛАК:bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу