Аял сүйүктүүсүнөн эмне күтөт?

Эркектер мага,  «Аял эмнени каалайт жана аны кантип бактылуу кылса болот?» деген суроону көп беришет.

Жөн гана «Сени кантип кубандырайын?» деп сураңыз.

Аял эркектин ага көңүл бөлүүсүн каалайт. Бул муктаждык — байыркы инстинкт. Канчалык көп көңүл бурсаңыз, ошончолук бактылуу болуп, өзүн коопсуз сезет.

Бир күн боюу жанында жүрүүнүн кереги жок, 10-20 мүнөт жетиштүү, убактыңыз болбой жатса курьер аркылуу гүл жөнөтүңүз. Сүйүктүүңүзгө акыркы жолу качан гүл белек кылдыңыз эле? Азыр инстаграм заманы, 10 мүнөт жана бир аз акча талап кылынат.

Айымдар эркектердин сүйүктүүсү үчүн эрдик жасаганын жактырышат. Ага кубаныч тартуулагыңыз келсе, эмне каалап жатканын билиңиз.

Аны бактылуу кыласыз эгер: логикасыз же маанисиз каалоолорун сыйласаңыз, кандай болсо, ошондой кабыл алсаңыз. Ал эми бактылуу аялдын жанында эркек бактысыз болушу мүмкүн эмес!

БУЛАК:bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу