Аялым төшөктө салкын. «Ыраазы» болбогон эркектин каты…

Үй салып, унаа алып, буттан туруп алайын деп чет өлкөгө чейин барып иштеп жүрүп, кеч үйлөндүм. 35 жашымда өзүм курактуу кызга баш кошуп, 40ка чыгалы деп калганда кыздуу болдук. Турмуш-шартыбыз жакшы. Элден кем калбай жашап, иштеп жатабыз. Негизи эле балдарды аябай жакшы көрөм, баласаакмын. Кызым экөөбүздүн жаныбыз бир. «Жашыбыз өтүп кете электе дагы төрөп бер» десем, келинчегим тырышып такыр эле болбой жүрөт.
Шаарда чоңоюп калгандыктанбы, айтор, өзүн аябай жакшы көрөт, жанын кейиткиси келбейт. Анысы го эми анча трагедия болбосо керек. Кеп башкада…

Баарынан да мени түйшөлткөнү… төшөктө такыр эле муздак, салкын мамиле жасайт.

Негизи сүйүшүп, сүйлөшүп эле үйлөнгөнбүз. Азыр деле мага мындай жасаган мамилеси жакшы, ата-энем, туугандарым келсе сыйлайт. Анан эле жатаарга келгенде кабагы бүркөлүп, ар кайсы шылтоону айтып, айтор таптакыр эле башкача. Ушул нерсеси мени бушайманга салчу болду.

Башында көп антчү эмес. Эмнеден улам өзгөрүп жатканын түшүнбөйм… Ооба, айрымдары «мындан башка көйгөйү жок бекен» деп ойлошу мүмкүн. Бирок үй-бүлөдө, жубайлар ортосунда бул башкы нерсе да. Мамиле төшөктөн жакшырып, төшөк үчүн бузулат эмеспи.

Экөөбүз башкадан эмес, акыркы күндөрү ушунун айынан урушчу болдук.
Кээде көңүлдөш эле таап алсамбы деп да ойлоп кетем. Бирок ага берилип кетип, уямды бузуп алуудан корком. Кызыма мыкты ата болуп, бүтүн үй-бүлөдө чоңоюшун каалайм. Анын үстүнө аялымды жакшы көрөм.

Келинчегимдин кескин өзгөрүп кетүүсүнө эмне себеп болушу мүмкүн. Мени жактырбайбы, же башканы таап алганда ушундай болуп калабы? Кантип экөөбүздүн төшөктөгү мамилебизди жакшыртсак болот? Же мага канааттанбай жатабы, айтор, башымда суроо көп… Кеңеш күтөм.

Гүлнара Жасоолова, психолог:

Ар бир үй-бүлөдө кризистик этаптар болушу мүмкүн. Биринчи кризистик этап үйлөнгөндөн кийин 2-3-жылдан соң башталса, андан кийинкиси 40 жаштын тегерегинде, орто куракта болот. Ал тургай, улгайып калганда да жубайлар мындай кризистик кырдаалга дуушар болушу ыктымал.

Бизге кайрылган киши менен аялы кризистик экинчи этапка туш болуптур. Экөө тең жумушта, бири-бирине көңүл бура албай, мамилелери сууп баштаган.

Бирок үй-бүлө бардык нерседен биринчи турат. Аны сактап калыш үчүн «аялымдын башка бирөөсү барбы, көңүлдөш эле таап алсамбы» деген ар кандай жаман ойго берилбей, тийиштүү адистерге кайрылып убагында чечип алгандары оң. Анан дагы кошумчалай турчу учур — минтип анонимдүү кат менен эмес, психологго барып, аны менен бет маңдай отуруп сүйлөшүүсү абзел.
Тийиштүү адис дегеним, дарыгерлерге, сексопатологго кайрылып, көрүнүшсүн. Анткени бул нерсе ден соолукка байланыштуу да болушу мүмкүн. Аял киши негизи эле сезимтал болот. Балким, күйөөсү ага жакшы мамиле жасабай, жетишерлик көңүл бурбай жаткандыр. Күнөө бир тараптан эле кетиши мүмкүн эмес. Сиз дагы акыл калчап, мен эмнеден жаза бастым, кайсыл жерден жүрөгүн оорутуп алдым деп, өткөн-кеткенге сереп салып көрүңүз.

Кат жазган адам аялы менен сезим, мамилелери тууралуу ачык сүйлөшүп алганы оң. Себеби ажырашкан оңой эмес. Экинчи жолу үй-бүлө куруу андан дагы татаал.

БУЛАК: Sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу