Аялзаты эркекке эмнеси менен барктуу?

Биз аял затын бул ааламдын көркүн ачкан, ырысын чачкан, жер бетинин жандуу гүлдөрү катары жана көзгө сүйкүмдүү калк деп билебиз. Аялдардын назиктиги, көз жоосун алган сулуу турпаты, кылыктары, жылмайганы, каткырып аба жарып күлгөнү, кызыл-тазыл болуп көйнөк кийгендери, бийик така менен жерди оюп тыкылдатып баскан изи  деги койчу мырзалардын жашоосуна көрк кошуп, ар бир күнүбүздүн эле эмес, керек болсо өтүп жаткан сааттын, мүнөттүн да даамын чыгарып, таттуу кыялдарга жетелеп, ойду бөлүп, жүзүбүзгө күлкү тартуулап көңүл көтөрүп жашоого шаң берип келгени эмне деген гана сөздү айттырбайт.

— Ооба, эгер силер болбосоңор акындар ыр жазмак эмес чыгар, сүрөтчүлөр сүрөт тартып, жазуучулар макала же китеп жазып, обончулар обон жаратмак эмес эле. Эгер сиздер болбосоңуздар азап менен кино тартылып, өзүңүздөр баарын эстен чыгарып көз ирмебей берилип, кызыгуу менен дем тартпай көргөн теледеги сериалдар да тасма бетинен орун алмак эмес болучу. Мунун баарына албетте сиздердин салымыңыздар чоң экенин эсиңиздерден чыгарбасаңыздар экен.

— Айткандай эркектер сиздерге кантип жана эмне болуп алданып калгандарын өздөрү да билбей келишет. Бирок аны силер билесиңер, билгениңерди айтпасыңар.

— Анын сырын сиздер эле билбесеңиздер ага эркектердин акылы деле жетпейт. Эгер акылы жетсе, алданышпайт эле да. Айткандай силер кантип алдайсыздар, аны билесиздерби?

— Көз карашыңар менен. Силердин ар бир көз карашыңардын артында эмне деген сөз катылып жатканын билүү албетте бизге жер алдына катылган белгисиз казынаны издегендей эле нерсе. Ооба, сиздердин ар бир жагымдуу көз карашыңардын артында көз кубанган жагымдуулук, көзгө сүйкүм жылуулук, жанга жыргал мээримдүүлүк  жатканын кантип билбей калалы.

— Айтмакчы кээде жөн туруп эле тоо башынан чыккан күнгө  окшоп эркектерди нурга бөлөп жадырап-жайнап кабак ачып күлүп — жайнап каласыздар.

Андан дагы жаңы турмушка чыкканда куудул Күмөндөр айткандай жыла басып ашкананы багындырып идиштерди жууп жатып “тамак ичесиңби, курсагың ачты го?” деп кам көрүмүш болуп эркектердин көңүлүн бир ооз сөз менен таап анан улам бир бөлмөнү жыйнап жатып өзүңөргө багындырып олтуруп, акыры билгизбей болгон үй силердин карамагыңарга өтөт. Андан соң акырындык менен жумшай баштайсыңар “Тигини ала келчи, калбай калыптыр. Баса, апамдарды чакырып койчу” деп жумшаганыңар эркектерге билинбейт деле.

Качан бирди же экини төрөп койгондон кийин сөзүңөр чоң чыгып акча жок, таап кел!- деп ачык эле айтасыңар. Жумшаган жагыңарга барбаска айла да жок, акчаны таппаска чара да жок. Анан билинбей жашоонун шаңы силер менен бирге өтүп, бир башың бир үй-бүлөөгө айланып, кичи мамлекет түзүлөт. Чындап айтканда ал мамлекеттин көзүрү албетте өзүңөрсүңөр. Силер башкарып, силер болгон нерсени чечесиңер. Кичи мамлекеттин ар бир мүчөсү бир гана силердин көзүңөрдү карап, сөзүңөрдү сүйлөп калат. Анан эч кандай шайлоосу, добушу жок эле үйдүн башкармасына айланып калганыңарды өзүңөр да билбей калып, балдарга кошуп күйөөнү кошо урушуп, кыйкырып, кайра жалынып калганыңар бул көнүмүш адатка айланган. Балдар чоңоюп силердин тилиңерди алат, кийим кийсе да тамак ичсе да силерсиз эч нерсе бүтпөйт. Кыскасы баарын үн катпай жүрүп башкарып алганыңарды эркектер эле эмес силер да билбей каласыңар.

Үйдөгү алынган ар бир буюм, сатылып алынган ар бир кийим — кече да алгач силердин көз жаздымыңардар өтүп, силерге жаккан үчүн гана сатылып алынат. Андан дагы айылга баруу үчүн  силердин жасанууңар негизги маселеге айланган. Анткени баарын силер билип-башкарып жаткан соң кичи мамлекеттин атынан өкүл болуп баруу бул албетте жасанууга түрткү берет.

— Ал эми кээде чагылган чартылдаган сымал чарт — чурт этип каарыңарга бөлөп ушунчалык ыңгайсыз абалга туш кыласыздар. Анан туруп эле таарынычтар автоматтын оозунан чыккан октой бытырап айтылганда, кээси угулса кээси угулбай кулак тунуп көз көрбөй калат.

— Андан соң көздөн жаштар нөшөрлөп жаап, жүз ылдый жаш акканда…

— Анан албууттанып бара жатып кайра ушунчалык байкуш көрүнүп кеткенде, курган эркек таана аялы эмнеге ыйлап жатканына акылы жетпей туруп аялына карап: — Эмне болду? — десе, аялы ыйын токтотуп: — Жөн эле! — деп койгондо, бул жөн гана шоу экенин билип курган эркек айласы жок жылмайганга туура келет экен. Ушундай ар тараптуу кыял-жоругуңар менен жашоо шаңдуу өтүп жатканына дагы учурунда баа бергенибиз туура.

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу