Ашыкча тердөө кайсы оорулардан кабар берет?

Гипертериоз

Гипертериоз-калкан безинде ашыкча гормондордун пайда болуусу. Колдун титирөөсү, уйкусуздук, бат чарчоо, бат капалануу жана бат-баттан тердей берүү бул оорунун белгилери болуп саналат.

Диабет

Учурда дүйнө жүзүндө 425 миллион киши диабет оорусу менен жабыркайт. Кандын курамындагы канттын өлчөмүнүн көптүгү, кайсы бир органдардын жабырлануусуна алып келет. Адистердин айтымында диабетке кабылган адамдар айрым учурда такыр деле тердебеши мүмкүн.

Гипогликемия

Гипогликемия-кандын түзүмүндөгү глюкозанын аздыгы. Кандын түзүмүндөгү глюкозанын түшүп же көбөйүп кетүүсү сиздин ден соолугуңузга көңүл бөлүү керек экендигинен кабар берет. Башкача айтканда, кандын курамындагы канттын түшүп кетүүсү, организмдеги стресс гормондорунун көбөйүүсүнө алып келет. Андан улам, сизде көзүңүз караңгылашып, колдоруңуз титиреп жана денеңизде ашыкча терлер чыккандыгын байкоого болот.

Акромегалия

Акромегалия (мээде орун алган бездердеги гормондордун көбөйүп кетүүсү) оорусуна кабылганда дагы, дене ашыкча тердөөгө чалдыгат. Анткени, сизде гормондор көбөйүп, андан улам тердөө дагы көбөйөт. Мурундун тердөөсү, алакандардын тердөөсүн жана буттардын көп тердөөсү аталган оорунун белгиси катары сыпатталат.

Кушинг Синдрому

Кушинг Синдрому оорусу-бул бөйрөктүн ашыкча картизон гормонунун бөлүп чыгаруусу. Аталган оорунун белгиси-денени шишик басат жана ич тарабыңыз семирүүгө учурайт. Жогорку кан басымына учурап, кандын курамындагы шекер көбөйүп кетет.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу