АША өзүнө өзү ор казганы турабы?

““Сырты жалтырак, ичи калтырак” болуп келген тура Алмазбек Атамбаев” деген пикирлер бүгүн өтө көп. Эки сөзүнүн биринде Кудайды оозанып, кыргызстандыктарды “алтындарым” деп алдап коюп эле, тымызын “оң кол”, “сол колдору” менен Кыргызстанды тоноп келгенин ал бийликтен кеткнеден кийинки 3-4 ай ичинде эле билип калдык. Ошентип контрабанданы, коррупцияны жандантып, андай иштерди өзүнүн жансакчылары, шоопурлары аркылуу жасап, башкаларды тийгиздирбей катуу жыргаган экен. Анын убагында жүзөгө ашкан жана башталган долбоорлордун баарынан ири коррупция калкып чыгууда. Ошондон улам А. Атамбаев “күз айларында элди митингге алып чыгам, бийликти көңтөрүп түшөм, Кыргызстанды мен гана башкарышым керек” деп Кой-Таштагы хансарайында күүлөнүп жатат дешет билгендер. Улам “жүз граммды” кекиртектен ары кетирген сайын кимгедир эле кекенип, “көрсөтөм, мен жеген миллиаррдарды жаап-жашырып эле койсо болбойбу” деп оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп жатканын да айтышты. Эгерде АША чындап эле ушундай максатты көздөп аткан болсо, анда өзүнө өзү ор казып аткан болот. Себеби, Кыргызстандын эли эч качан коррупционердин артынан ээрчибейт. Балким, М. Мискенбаевге окшогон акчага жалдангандарын алып чыгышы мүмкүн. Бирок, алардын өлкөбүздөгү стабилдүүлүктү жоготууну көздөгөн аракеттерине жалпы кыргызстандыктар каршы турат. Апрель революциясынын арты менен миллиардер болгон А. Атамбаевди, андан алган акчасына эле оозун каалагандай чое берген М. Мискенбаевдин ким экенин элдин баары билип калды. Андыктан А. Атамбаев өз өлкөсүндө жашагысы келсе, анда эми мындан ары саясат тууралуу ооз ачпай, өзү бир убакта айтып жүргөндөр “бак сугарып” эле отурганы жакшы. Болбосо, эл аны Бакиевдин артынан кууп жибериши мүмкүн.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу