Аша чапкандыкпы же барчылыкпы? Баян Максат кызынын кызы Айсауленин үлпөт тойдо кийген бут кийими 3495 евро турат…

Казакстандык белгилүү продюсер Баян Максат кызынын кызы Айсауле Бакытбектин той кийими интернет булактарында кызуу талкууга алынууда. Анын кийген үлпөт көйнөгү 250 миң доллар болсо, бут кийими 3495 евро тураары маалым болду.

Айсауленин үлпөн тою гана өзгөчө шаан-шөкөн менен өтпөстөн ал кыз узатуу тоюн да жогорку деңгээлде өткөргөн эле.

Коомчулук анын үлпөт көйнөгүн талкуулап бүтө электе туфлисинин баасы элдин үрөйүн учурду. Бут кийимдин баасын мода үйүнүн расмий сайтынан  көрүүгө болот.

Кошумчалай кетсек, Айсауленин өз атасы тойго катыща алган жок, ал түрмөдө мурдагы аялын сабагандыгы үчүн жазасын өтөөдө.

Көпчүлүк мунун баарын бир ооздон “аша чапкандык” деп белгилеси башкалар “ар бир кыздын кыялы” деген пикирлерин айтышууда. Эмнеси болсо да эки жаш бактылуу болсун.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу