АШАчылардын кезектеги курулай кайраттары же тойгончо жегендер – өлгөнчө карганышат!

Барган жери — өзүнүн “Форуму”, андан интервью алган — өзүнүн “Апрели”.

Өзү менен сүйлөшкөн “кутудагы адам”

22-февралда экс-президент А.Атамбаев өзүнүн “Форумунда” “партиялык жолугушуу” деген трагикомедиялык фарсты өткөрдү. Анткени, ага КСДПнын мүчөлөрүнөн И.Карамушкина менен А.Кодурановадан башка эч ким барбаптыр. Экспрезиденттин жанында “оригиналдуу” эки айымдан башка эч ким калбагандыгы эле анын саясый келечеги да биротоло тарып, бүдөмүк болуп калгандыгын айгинелеп турбайбы. Ал АШАнын пенсияга чыккандан бери эл алдына расмий чыккан үчүнчү акциясы болду. Мурдагы интервьюларында ал өзүнүн “Апрель” каналынын журналисттери менен биргеликте даярдаган суроолоруна гана жооп берип, башка бир да жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн катыштырбаса, бул жолу деле ошондой монолог түрүндө болду.

Саясый гана эмес, укуктук маселелеринин да мышык ыйларлык абалда экендигине карабастан кайраттуу, оптимисттик маанайда билдирүүлөрдү жасаганга аракеттенди, бирок ал көрүүчүлөрдө шылдыңдуу аёо сезиминен башка эч нерсе жаратпады. Ал өзүнүн жанындагы эки айымды “жигердүү орун басарлар” деп кырдаалга ылайык келбеген өтө эле бийик пафосто атап, партиясы чыккынчылардан, мансапкорлордон автоматтык түрдө тазаланып жаткандыгын айтып, партиянын лидерлигин убагы келгенде башка бирөөгө өткөрүп бере тургандыгын айтты.

Партиясында өзүнөн башка эч ким калбаганы турса, жандагандары күндөн күнгө азайып жатса, өткөрүп бергенден башка кандай аргасы калат?

Буларды угуп жатып, АША аз да болсо реалдуу жагдайды адекваттуу кабылдап, эсине келе баштаганбы деп турдук эле, бирок ал “партиясы менен дайыма эл менен бирге болгондугун, элди эч качан алдабагандыгын” айтканда Р.Разыковдун концертинде отургандан бетер күлкүбүз кыстап кетти. Чындыгында эле бир жылдан ашык убакыттан бери элден качып, дачасында бекинип жаткан адамдын мындай сөздөрү күлкүнү келтирет экен. “Апрелдикинен” башка журналисттерден качса кача берсин, ал өзүнүн иши, бирок эл менен бирге болгусу келсе, эки айымдын эмес, жалпы элдин алдына чыгып, толгон токой суроолорго жооп бербейби! Тилекке каршы, экс-президент А.Чеховдун “Кутудагы адамындагы” кишидей эле болуп калды. Бекинип жаткан жери — мамлекеттик резиденция, дүжүр маектешкичтери — Карамушкина, Кодуранова, Жолдубаева деген үч айым. Барган жери — өзүнүн “Форуму”, андан интервью алган — өзүнүн “Апрели”. Аларга Раиса айымды да кошуп алса, жуп болмок. Мындан чыкты, экс-президент өзү менен өзү сүйлөшүп жаткандай гана таасир калтырууда. Чын эле өзү алдын ала даярдаган суроолорго гана жооп берсе, башка бир да журналистти катыштырбаса, анын өзү менен өзү сүйлөшкөндөн кандай айырмасы бар?

Тойгончо жегендер – өлгөнчө карганышат

Андан “дайыма социалдык адилеттүүлүктү жактай тургандыгын, элди эч качан алдабагандыгын” укканыбызда АША оңолбой эле мурдагысынан да айнып бараткандыгын, анын таптакыр оңолбой тургандыгын түшүндүк. Чындыгында эле анын жана Саясый кеңешинин бир катар мүчөлөрүнүн “Кылымдын аферасы” баштаган бир катар ири коррупциялык жаңжалдарга тиешеси бар экендиги ашкереленип, алды сот тарабынан узак мөөнөттөргө камалып жатканда “КСДПнын социалдык партия” экендигин, “элди алдабагандыгын” айтпай коё турса болмок. Аларды укканда кимдин болбосун кыжыры келип “ууру тойгончо жеп алып, өлгөнчө карганат” дегенди гана эсине түшүрөт. Деги көзгө сайгандай, мурдунун учуна такалып турган фактыларды тангандан эч ким утушка ээ болбойт. Тескерисинче, өзүнүн калган биртке абийирин да төгөт, эң жаманы, аны уккандардын кыжырларын гана келтирет. Бирок жалган айтканга, элди алдаганга көнүп калгандар башкача сүйлөй да алышпайт тура. Ооздорун ачышса эле калптарды чубуртушат, элдин баары көрүп турган айныгыс аксиомадай фактыларды да танышат. Бирок, андай бет тырмарлык бетпактыктарына кимди ынандырышат? Мурда АШАнын айланасында элге белгилүү жоон топ эркектер да аталган айымдарга аралашып жүрсө, азыр алардан эч ким калбаптыр. АША жогорудагыдай сөздөрүн айтып, көрүнбөй калгандан кийин ал “жигердүү орун басар” деп атаган айымдардын бири КСДПнын 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышарын, тизмени АША жетектеп барарын маалымдады. Албетте, ага чейин көп убакыт бар, кыялданганга да эч ким тыйуу сала албайт, ал ден-соолукка да пайдалуу, бу заманда өзүңдүн көңүлүңдү өзүң көтөрүп жүргөндөн жакшы эмне бар? Бирок азыр сыртка чыгып, башкалар менен сүйлөшкөндөн, башка журналисттердин суроолоруна жооп бергенден коркуп жаткан адам кантип партияны эл алдына баштап чыга алар болду экен? Ага чейин КСДПда өзү болобу же “Атамбаевсиз КСДПчылар” аны партиядан да айдап чыгарып салышабы? Курамында үч айымдан, боктолгондордон-соттолгондордон башка абройлуу эч кимиси жок партия башкалар менен атаандаштыкка жарайбы? Ал үчүн кимдер добуш берер болду экен? Ал айымдын айтуусу боюнча, АША аракеттеги президент менен жолугушууга, аны менен тил табышууга аракеттенип жатыптыр. Буга чейин ал үч жолу президенттин кабыл алуусун сураныптыр, дагы сурайт окшойт, бирок, коррупциянын символуна айланып бараткан адамды кабыл алып, анын комплексиндегилерди мойнуна илип, элге жаман көрүнгөндү аракеттеги президент каалайбы? Биздин оюбузча, каалабайт. Ага андай “ашыкча ырыстын” эмне кереги бар? Анын үстүнө ага АШАнын эмнелерди айта тургандыгын бала деле билип турат. Алардын жолу өткөн күздө эле биротоло эки жакка бөлүнүп кеткен, эми кайра кошулушу кыйын.

АША менен Эркин Мамыров биргеби?

Алдын ала экөөсү макулдашып алганбы же ал жөн эле кокустукпу, анысын билбейбиз, бирок анын АШАнын протежеси экендиги да чындык, ошол күнү Конституциялык палатанын жетекчиси Эркин Мамыров эки судьясы менен маалымат жыйынын өткөрүп, парламент экс-президенттердин кол тийбестиктерин алуу жөнүндө мыйзам кабыл алса деле ал нормалар Алмаз Атамбаевге колдонулбастыгын, мыйзам артка кайткыс күчкө ээ эместигин билдирди. Эгерде мыйзам мурдагы президенттерге таркатылбай турган болсо, аны кабыл алуунун кандай зарылчылыгы бар эле? Мурдагы мамлекет башчыларынын кылмыштуу иштери азыр же кийинчерээк ашкереленсе деле алар жазасыз кала беришеби? Экс-вице-президент, юрист Ф.Кулов кол тийбестик институтунун жоопкерчилик институтуна эч кандай тиешеси жок экендигин айтты. Өлкөнүн Баш мыйзамына ылайык, Кыргызстандын жарандарынын бардыгы мыйзам алдында бирдей. Ф. Куловдун аргументине ылайык, кол тийбестик — ар кандай ачыктан ачык ыдык көрсөтүүлөрдөн гана коргоо, анын жоопкерчилик жөнүндөгү түшүнүккө эч кандай тиешеси жок. Минтип Конституциялык палатанын жетекчисин милиционер оңдоп, түздөгөнү уят иш! Анын үстүнө Башмыйзамды коргой турган адам мыйзамдар жөнүндө эмес, биринчи кезекте Баш мыйзамдагы норманы кантип реализациялоо тууралуу сүйлөш керек эле. Ал эми Башмыйзамдын 16-беренесинин 3-пунктунда “ Кыргыз Республикасында мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей” деп ташка тамга баскандай жазылып турат. Бардыгы бирдей болсо, Конституциялык палатанын жетекчиси кайдагы артка кайткыс күчтөрдү айтып элдин башын айландырууда? Же ал жөн эле АШАнын буйрутмасын аткарып атабы? Ушундан улам Конституциялык палата да саясатташып баратабы? –деген ой келет. Анте турган болсо, ал Палата өлкөгө жакшылык алып келбейт.

Серепчилер эмне дешти?

АШАнын мурдагы интервьюларындай эле, бул жолку партиялык жолугушуусунда айтылгандар да соцтармактарда кызуу талкууларды жаратты. Элдин көпчүлүгү кылымдык коррупциялык механизмдерди түзүп, мамлекетке жүздөгөн миллион долларлык чыгымдарды келтирип, өлкөнүн тышкы карызын эки эсе көбөйткөндүгү үчүн АШАнын эл алдында чөгөлөп кечирим сурагандын ордуна КСДПнын ичиндеги эле маселелерге басым жасап жаткандыгына кыжырданышууда. Журналист У. Бабакулов АШАны кылымдык апаатка, жаңылыштыкка салыштырса, коомдук ишмер Мира Жангарачева “теткалардын” караны актай кылып көрсөткөнгө жандалбастап жаткандарына ачууланып, КСДПны “Алга Кыргызстан”, “Ак жолдун” тагдырлары күтүп тургандыгын айтты. Журналист Нарын Айып болсо адвокат Нурбек Токтакунов Бишкек ЖЭБиндеги коррупциялык көрүнүштөр боюнча парламенттеги айрымдарды жоопкерчиликке тартууну талап кылуу менен кыйыр түрдө Сапар Исаковдун күнөөсүн мойнуна алып жаткандыгын эскертти. Ал эми саясат таануучу Алмазбек Акматалиев Сапар Исаков башында Медет Садыркуловдун кадры болгондугун, ал Бакиевдердин арасында жүрүп, алардагы маалыматтарды Алмаз Атамбаевге тымызындан жеткирип тургандыгын, ошонусу менен ага жаккандыгын КСДПнын өкүлү Темирлан Султанбековго таянып айтты.

Анын сөзү менен айтканда, “чыккынчы жана саясый Иуда” болуп, ал эмгеги үчүн кийин АШАнын оң колуна айланып, мамлекеттин казынасындагылардан каалашынча ашаптыр. Ошентип, бир ууч АШАчылар жакында караны актай, чындыкты калптай көрсөтүшүп, өздөрүн өздөрү дагы бир жолу кайраттандырып алышты. Анын деми канчага жетет, практикалык натыйжалары, жыйынтыктары кандай болот, ага чейин канчасы АШАнын жанында калат, канчасы качат, аны убакыт көрсөтөт. Эмне дебейли, АШАны түбөлүк жалгыздык чырмап баратат…

Автандил Белеков

Булак: “Майдан. kg”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу