АШАнын алакүү абалынан пайдаланган Сегизбаев уруулаштарын кызматка көтөргөн

Экс-ажо Алмазбек Атамбаевдин убагында түшкү саат 11лер чамалап калганда көчөлөрдүн баары тосулуп, элдин баарын кыжаалат кылып атып жумушка келип калчу экенин билебиз. Көбүнесе Ак үйгө келбей калган учурлары да болчу. Ошондо ал резиденциянын өзүндө эле анча-мынча кишилерди кабыл алымыш этип, иштеп аткандай түр жаратып салар эле. Көрсө, экс-ажобуз «бөдөнөнүн сүтүнөн» көбүрөөк татып алганда анысы жумалап созулуп кетчү тура.
Анын мына ушундай абалынан УКМКнын төрагасы болуп келген Абдил Сегизбаев өтө катуу пайдаланчу экен. Борбор калаабызда «Салкын Төр» аттуу ресторан бар. Ошол ресторанга Абдил мырза өзүнүн ошол кездеги орун басары Болот Сүйүмбаевди жана азыркы тапта Финполдун башчысынын орун басары кызматын аркалап аткан Эмил Жамгырчиевди чакырып алып, өлкө бийлигине саяк уруусунан кадрларды көбүрөөк тартуу боюнча планды талкуулашчу экен.
Бул үчөө бирдей саяк уруусунан. А. Сегизбаев мындай максатын Атамбаевдин алты жылдыгында жакшы эле жүзөгө ашырган экен. КР президенттик аппаратына дагы, министрликтерге дагы саяк уруусунан кадрлардын көбүрөөк дайындалышына жол ачкан. Алтургай ал өзү тар чөйрөдө «Мен УКМКда иштеп аткандан бери бул кызматка 96 саякты кызматка алып келдим» деп айтып алган экен. Биз жакында ошол Абдил мырзанын алып келген кадрлары кимдер экени боюнча кеңири иликтеп, тизмени жарыя кылабыз.
Уруучулдук деңгээлден чыга албагандар улуттун биримдигине доо кетире турганы белгилүү эмеспи.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу