Ахматтын айласы кетүүдө…

Президенттик амбициясы бар, бирок этеги жаман жеринен айрылган Ахматбек Келдибековдун күздө өтүүчү аламан жарышка чыга албасы күн өткөн сайын белгилүү боло баштады. “Менде жок нерсе өзгөлөрдө дагы болбосун” деген еврейлердин макалы бар. Келдибеков дал ушул жол менен бара жатат. Соттолгонуна байланыштуу шайлоого катыша албай турганы айдан ачык болгону тандемдештери Камчыбек Ташиев менен Адахан Мадумаров экөөнүн бирөөсүн колдоого милдеттүү болгонуна карабай ичи тарып, кантип кол үзүштүн айласын таппай сыртын сала баштаптыр. Бул жагдай берки экөөнүн ичин муздатып, бири­бирине салкын карап калган кездери экен. Баягы биздин бириккенибизди уккандар өздөрү бизге чуркап келе башташат деген дымактан дайын жок, үчөө үч башка жакты карашып, пайда чыкчу жерди көздөй башташканы кеп болууда… Булак: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу