Аутизм дегенди билесиңби?

Бүгүн  аутизм тууралуу маалымат таратуунун эл аралык күнү. Андыктан «Аутизм победим KG» фонду менен  Бишкек шаарындагы аутист балдардын ата-энелеринин демилге тобу  иш-чараларды уюштурууда.  2-апрелде коомдук ишмерлер жана эстрада ырчыларынын колдоосу менен кайрымдуулук концерти болуп, аутизм  менен жабыркаган адамдардын өзгөчөлүгү жөнүндө маалыматтык акциялар, тегерек үстөлдөр уюштурулат. Эске салсак, 2008-жылы 2-апрелди аутизм тууралуу маалымат таратуунун эл аралык күнү катары БУУ тарабынан жарыяланган.
Бул дарт менен төрөлгөн балдарга соңку жылдары гана көңүл бурула баштагандыктан кыргызстанда аутизм менен жабыркагандардын так эсеби жок. Бейөкмөт уюмдардын маалыматы боюнча, миңге чукул бала ушундай илдет менен каттоодо турат. Расмий клиникалык аныктоо тартиби жок болгондуктан аутизм менен жабыркагандар психикалык майыптардын тобуна кирет.

Булак: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу