Ата-эне өз күнөөсүн мойнуна албай жатат!

Би-Би-Си радиосу Калифорнияда жубайлар Дэвид Турпин менен 49 жаштагы Луиза өздөрүнүн 13 баласын чынжыр менен байлап, үйдөн чыгарбай кыйнаган деп айыпталып жатканын жазды.

Полицияга кабарды шектүү жубайлардын 17 жаштагы кызы үйдөн качып чыккандан кийин берген. Көп өтпөй үйдө керебетке чынжыр менен байланып, оор акыбылда жаткан балдар бошотулган.

Аймактык прокурор Риверсад Майк Хестрин Дэвид менен Луиза балдарды ушундай жол менен жоопко тартып келгенин билдирген. Ата-эненин бул жоругу барган сайын катаалдап, балдарды дааратканага да коё бербей койгон учурлар болгон.

Хестриндин айтымында, мындан эки жыл мурда дагы кызы үйдөн качуу планын иштеп чыккан. Алгач ал иниси менен качып, кийин коркконунан ата-энесине кайтып барган. Аймактык прокурордун бейшембидеги маалымат жыйынында айтканына караганда, балдар ата-энесинин токмогуна көнүп калышкан, аларга жылына бир жолу гана жуунганга уруксат берилген, оюнчуктарды ойноого уруксат берген эмес. Балдар түнү ойноп, күндүз укташкан. Күнүнө бир жолу тамак берилгендиктен балдардын салмагы өз жашына салыштырмалуу өтө аз экени аныкталган. 12 жаштагы баласы 7 жаштагы баланын салмагындай болсо, 29 жаштагы баласы 37 гана килограмм болгон.

Булак: Азаттык

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу