“Ата Мекен” фракциясы Алмаз Атамбаевдин ишмердигин текшерүү боюнча комитет түзүүнү талап кылды

Жума күнү, 14-сентябрда өткөн КР Жогорку Кеңешинин “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында депутаттар КР Тарых музейин реконструкциялоодогу коррупция жана “Белизгейт” деген ат менен белгилүү болгон чуулганду окуянын чоо-жайын иликтешти.

КР Тарых музейиндеги коррупция боюнча кылмыш иши иликтенип бүтүп калганы жана анда ири суммадагы акча уурдалганы белгилүү болду. Ал эми “Белизгейт” окуясы боюнча УКМКнын азыркы төрага орун басары мурунку УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев ошол кездеги президент Алмаз Атамбаевге Белиз өлкөсүнөн келип түштү деп көрсөткөн апостилдер  келбегенин, андай документтер УКМКда расмий каттоодон өтпөгөнүн тастыктады. Сегизбаев ал документтерди Текебаев, Шыкмаматов жана Саляноваларга каршы компромат катары пайдаланып, “Мегакомду” коррупциялык жол менен сатууга аракет кылышкан деген айып менен ошол эле күнү Илим Карыпбеков жетектеген КТРКда аларга каршы “кара пиар” жүргүзүлө баштаган.

Эки маселеде тең Атамбаевдик режимдин кылмыштуу жагдайлары ачыкка чыгып, алардын артынан Атамбаевдин кулагы көрүнө баштагандыктан “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Алманбет Шыкмаматов “Чуулгандуу окуялардын кайсысын албайлы, Бишкек ТЭЦин модернизациялоо, Тарых музейин реконструкциялоо, “Белизгейт” жана башка жаңжалдардын баары аны аты менен байланыштуу. Ошондуктан мунун баарын текшерүү зарыл, экс-президенттин бул окуяларга тиешеси барбы же жокпу коомчулук билиши керек” деди.

Жыйындын жыйынтыгында депутаттар Алмаз Атамбаевдин президент кездеги ишмердигин текшерүү боюнча жарандык комитет түзүү талабы менен КР Жогорку Кеңешинин спикери Дастан Жумабековго кайрылышты.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу