«Ата Мекен» партиясы митингге чыгат

Кечээ «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү борбордук штабына чогулуп, Нооруз майрамына карата партиялык иш-чара өткөрдү. Анда партиянын саясый кеңеши регионалдык уюмдардын, катардагы мүчөлөрдүн көптөн бери коюп келген талаптарынын негизинде 23-апрелде Жогорку соттун алдында ири масштабдагы тынчтык митннгин өткөрүү тууралуу чечим кабыл алды. Аны «Ата Мекен» фракциясы бир добуштан колдоду.

Митингде «Ата Мекен» партиясынын лидери, саясатчы Өмүрбек Текебаев жана партия мүчөсү Дүйшөн Чотоновдун ишин кайра карап, адилеттүү чечим чыгаруу, ошондой эле Атамбаевдин убагында саясый мотив менен камалгандардын ишин кайра кароо талаптары коюлат.

Мындан сырткары, сот реформасын тездетүү, укук коргоо органдарындагы реформаны аягына чыгаруу талаптары бийликке жолдонот. Сот адилетсиздиган жараткан, сотту репрессия куралы катары пайдаланган Атамбаевди жана анын жан-жөөкөрлөрүн кылмыш жообуна тартылышы талап кылынат. Мигингге «Ата Мекен» партиясынын аймактардагы мүчөлөрү, партия колдоочулары жана жарандык акгивистгер катышары күтүлүүдө.

Алмамбет ШЫКМАМАТОВ

Булак: “АЗИЯnews

Аргумент.kg
Жооп калтыруу