«АТА-МЕКЕНДИН» активдүү депутаттарына «атака» башталды…

Учурда бийлик «Ата-Мекен» партиясына жана депутаттарына каршы маалымат согушун дале улантууда, же анысынан майнап чыксачы. Кайдагы бир шылуундун көрсөтмөсү менен партия лидери Текебаевди камакка алды. Ал эми бийликтин Ата-Мекенге каршы чабуулдарынын баары четинен жалган болуп чыгып, учурда бийликтегилердин баштары маң. Баардык жалаалары «гейт» операциясы менен коштолууда. Ага улай бийликке таандык ММКлар аркылуу «Ата-Мекен» партиясынын активдүү депутаттарын бир тараптуу каралоо компаниясы жүрүп жатканы баарыбызга маалым. Учурда Ата-Мекендин  Аида Салянова, Алманбет Шыкмаматов, Наталья Никитенько жана Каныбек Иманалиев баш болгон активдүү депутаттарын бири-бири менен кайраштыруу, ич-ара бөлүп жаруу максатында бийликке таандык ММКлар ар-кандай ушактарды жазып чыгышты. Керек болсо айрым депутаттарын бийликке ыктоодо деп, адам ишенгис ушакты жазыптыр. Мындайды көрүп жакаңды кармап тобоо дегенден башка арга жок экен эй…  Булардын ынтымагы, биримдиги жана принципиалдуулугу бийликти абдан чочутса керек. Бийлик жалган ушак таратуудан эч-кандай упай топтой албаары турган иш. Эл кимдин-ким экенин жакшы айрымалай билет. Тескерисинче бийлик минтип оппоненттерин бир тараптуу каралоо менен, өздөрүнүн алсыз экенин күндөн-күнгө далилдөөдө.

Булак: Чындык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу