Атаханов «акмын» дейт, ага ким ишенет?

Калыстык, адилеттүүлүк деген акыры жеңет. Эртеби кечпи адам колу менен кылган кылмышты мойну менен тартат. Бул адамзаттын тагдыр деген сызыгындагы мыйзамы. Ооба, ал кагазга жазылбаган, бирок акыйкаттын анык эн тамгасы. Бирок, айрым бир амалкөй адамдар тагдырды да таразага сала кое алдап кеткиси келишет тура.

Дегеним, Азиз Батукаевдин иши боюнча Шамил Атаханов негизги «каарман» болгону көптөн бери айтылып келе жатат. Ал маалда так ушул Шакең күч структураларын көзөмөлдөгөн вице-премьер министр эмес беле. Кааласа ИИМге келип, кааласа УКМКны башкарып, катуу тайрактап жаткан Шакең эми «сүттөн акмын» дей баштады. Анын логикасына таянсак Батукаевдин түрмөдөн дагы, өлкөдөн дагы чыгып кетээрин он жыл мурда эле билиптир.

Кайсы бир маегинде «Батукаевди он жылдан бери эле чыгарып кетүү боюнча аракеттер болуп келген» деп ыңгыранды. Бул баары бир чыкмак деген сөз эмеспи. Позициясы так ушундай «мага баары бир» болгону үчүн Батукаев чыгып атканда бакыйган вице-премьер болуп туруп унчуккан жок да. Болбосо «эй койгула, эртең чуу болот» дебейт беле. Эми кезеги келди көрүнөт, сурак берип баштады. Тергөө акыйкат жүрсө ушул киши да жазага тартылыш керек…

Булак: «De-facto»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу