«АТАМ БАЙ» ДЕГЕН АЙРЫМ ДЕПУТАТТАР, АТАСЫ АЙТКАНГА ЭМНЕГЕ АРДАНЫШАТ?

Мурдагы ажобуз Атамбаев азыркы ЖКнын депутаттарынын айрымдарын “чимкирик” деп атаган. Ал муну менен экинчи жолу айтып олтурат. Арданыштыбы же актанып жатышабы, айтор депутаттар Жогорку Кеңеш жыйынында Атамбаевди ар түркүн жоруктарын ортого салып жыйын курушкан. Баары эле тегиз бир жактуу эмес. Айрымдары чыгып Атамбаевдин астанасын сагалап жүргөн бир кездеги депутаттарды сындап, “бир кезде ага сөз тийгизбей жүргөндөр, бүгүн ага жүгүндү куюуда” деген. Бул коомчулукта катуу резонансты жаратып, ЖКны катуу тепкиге алып, ал турсун Раим Матраимовдор тойуна барган төрага Дастан Жумабековду баш кылып “бетсиздер” дегенге чейин барышты. Кечээ эле айрым жаш активистер Жумабековдун төрага болуп олтурганга моралдык укугу жок экенин айтып, анын кетишин да аталап кылышты. “Бульдозер” каймана аты бар Азимбек Бекназаров да баш көтөрүп, азыркы саясий кырдаалга өз * баасын бергенге жетишти. Ал ачык эле азыркы ЖКти “чимкирик” парламент экенин жалган эмес экенин баса белгиледи. “Азыркы депутаттарды ’’чимкирик» деп туура айткан, анткени, убагында аны өздөрү бийликке алып келишкен”-деди, Бекназаров анын айтымында, эми бул депутаттар Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү болуп алышты. Анын пикиринде ал комиссияда баары бир кезде Атамбаевден кордук көргөндөр экен.

БУЛАК: Факты.кж 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу