Атамбаев-Өмүркулов: эски достордун эрегиши

Иса Өмүркулов — парламенттин бир канча жолку депутаты, убагында «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик мекемесин бир канча жыл жетектеген. Бишкек шаарынын мэри болгон. Ага карата коррупция боюнча да бир топ дооматтар да айтылган, кылмыш иштери да козголгон.

Бишкек шаардык кеңешинин КСДП фракциясынын азыркы депутаты Эрнис Докенов буга чейин Иса Өмүркуловду кескин сындап келгени белгилүү.

Ал шаардык кеңештин буга чейинки чакырылышында «Республика» фракциясынан депутат болгон жана ошол кездеги мэр Иса Өмүркуловду «колунан кокон тыйын келбеген мэр» деп мүнөздөп, анын кызматтан кетишин да талап кылган жайы бар.

Андан мурун, тактап айтканда 2005-жылы Докенов Темир жол башкармалыгынын кесиптик биримдигинин төрагасы болуп турганда Өмүркуловду «бул тармакты кейиштүү абалга кептеди» деп айыптаган.

Эрнис Докенов.

Азыр Иса Өмүркулов менен чогуу бир партиядан депутат болгон Эрнис Докенов«Азаттыкка» комментарий берип жатып, буга чейин Өмүркуловду сындап келгенин моюнуна алды жана мунун баарын «өткөн иш» деп атады:

— Ал темир жолдо жана мэр болуп иштегенде жумуштагы кемчиликтерин айткам. Мен бул сөздөрдү танбайм. Бирок азыр ал темир жолдо же мэр болуп иштебегенден кийин ошол сын пикирлерди кайра кайталап айтуу адамгерчиликке жатпайт деп ойлойм. Айтылган сөздүн өз убактысы болот. Баары өтүп кеткенден кийин, кайра кайталоонун кажети жок го дейм. Ал киши сын пикирди туура эле кабыл алып жатты. Адамгерчиликтүү эле мамиледе болуп жаттык. Иш жагынан айтылган сөздөрдү туура эле кабыл алгандай болгон. Өчөшүп, кектеген жок. Эми иште боло берет да. Мурда деле түз эле айтчумун, азыр деле түз эле айтып коем. Артынан бир нерселерди сүйлөп, эски сөздөрдү эстегенди туура көрбөйм.

Иса Өмүркулов мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда оппозициялык Бириккен элдик кыймылдын жигердүү мүчөсү болгон. 2009-жылы жазында саясий абал курчуп турган убакта ага кылмыш иши козголгон.

Финансы полициясы аны “2004-жылы кыргыз темир жолун жетектеп турганда “Нарын-Торугарт” темир жолун курууга катышууну каалаган казакстандык ишкер Тауржан Байдаулетовдон 60 миң доллар пара алган” деп айыптаган. Өмүркулов муну саясий куугунтук катары баалаган. Кылмыш иши сотко жеткен эмес.

Иса Өмүркуловго экинчи кылмыш иши 2013-жылдын аягында «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча козголгон. Башкы прокуратура аны “2011-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезинде Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынан 16 гектар жерди жеке жана юридикалык жактарга 49 жылга ижарага мыйзамсыз берип салган” деп айыптаган. Мурунку мэр соттун бардык инстанцияларында акталып чыккан.

Буга чейин «Азаттык» Бишкектин №11 кичирайонундагы 10 гектарга жакын жер боюнча чырды иликтеген.

Анда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, жеке ишкер Акбөкөн Таштанбековбул анын менчик жери экенин, мэрия мыйзамсыз тартып алганын айтып арызданган. Таштанбеков буга кылмыш топтору да аралашканын айтып, “алардын артында Иса Өмүркулов турат” деп билдирген:

— Бизге келген криминалдар Иса Өмүркуловго кадимкидей чалып турушту. Анан ошол криминалдын ичинде парктарды башкарган Болот Айдарбеков деген жигит да жүргөн. Соттон да анын атын айткандын ордуна “жок” деп коюшту. Булар биздин компанияны алганга аябай кызыгып жүрүштү. Бизге келген криминал “компанияны бересиңер” деп жүрдү. Компаниянын болсо ушул жерден башка эч нерсеси деле жок. Бирок берилген уруксат, кызыл китеп компаниянын атында.

Иса Өмүркулов болсо бул дооматтарды “жалган жалаа” деп атаган:

— Ал өзүнүн жеке пикири го. Мен муру каралоо деп эсептейм. Өзүнүн ич күйдүлүгү болсо керек. Анткени шайлоодо мага атаандаш болгон, бирок уттуруп койгон. Ошондо кектеп калган окшойт, ошон үчүн айтып жатат го. Болбосо аны менен аласа-бересем жок. Мен ал балдарды таптакыр тааныбайм. Тааныганда деле мен алар менен эмнеге сүйлөшөм? Бакасов ким экенин билбейм.

Исхак Масалиев. Исхак Масалиев.

Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиеванын ийгилигинин сыры тууралуу ойлорун айтты:

— Мен аны чыгаан саясатчы деп айта албайм, катардагы эле саясатчы. Көптү билет, көптү түшүнөт, ошондуктан өз ордун табат. Жогорку Кеңешке беш жолу депутат болуп шайланды. Бул ал оңой эмес деген сөз. Керектүү учурда керектүү жерде болуп, шайлоочулардын кайсы бир талабын аткара алат. Анткени ал эки жолу бир мандаттуу округдан шайланган да. Бул өтө чоң көрсөткүч. Демек ошол аймакта кайсы бир ишин баалап добуш беришкен. Бул колдон оңой эле келе бербейт. Азыркыдай добуштарды акча менен сатып алгандай шайлоо эмес. Ал эми анын партиялык ишмердүүлүгүн билбейм. Алар өз ара ит-мышык болуп, шайлоочулардын талабын аткара албай жатышат.

Өткөн айдын аягында КСДПнын саясий кеңеши жыйынга чогулуп, Иса Өмүркуловду «партиянын максаттарына жана уставына каршы иштеди» деген негизде партиянын катарынан чыгаруу тууралуу чечим чыгарган. Коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев бул жагдайды партия лидерлеринин жеке мамилеси менен байланыштырды:

Топчубек Тургуналиев.

— Иса Өмүркулов саясатчы катары жогорку деңгээлдеги адам. Жогорку Кеңеште да бирден-бир омоктуу орунду ээлеген. Бул КСДПнын негиздөөчүлөрүнүн бири. «Атамбаевсиз КСДП» деген кыймыл бар турбайбы, алар бир топ жыйындарды өткөрүп жатыптыр. Анан “ошолордун артында тымызын Иса Өмүркулов турат” деп, далили жок эле кекенип жасалып жаткан ишпи деп деле ойлоп жатам. Бул жакшы эмес. Атамбаев менен Өмүркуловдун ортосунда кандай ыйкы-тыкы бар экенин мен толук билбейм. Кандай болгон күндө да жеке мамилесинен башка партиялык мамилелер бар да. Партиянын кызыкчылыгы, партиянын уставдык эрежелери эмес, бул жерде жеке мамилелер биринчи орунга чыгып кеткен го деп турам.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Иса Өмүркуловдун Алмазбек Атамбаевге таарынычы тууралуу кеп салган. Анын эски досунан алыстан, азыркы президент Сооронбай Жээнбековго ыктаган себебин ал мындайча түшүндүргөн:

Жанар Акаев. Жанар Акаев.

— Иса Өмүркулов президент Сооронбай Жээнбековдун командасына ыктап, эски досу Атамбаевден алыстап кетти. Анын үстүнө жакында эле «Атамбаевсиз КСДП» деп жүргөн топту кабыл алып, алар менен сүйлөшкөнү мурдагы президенттин ачуусуна тийди окшойт. Эми бул тиреш күчөй берет. 2020-жылдагы парламенттик шайлоо жакындаган сайын «КСДП кимдики болот? Сооронбай Жээнбековго ыктаган саясий топтордун партиясы болобу же Атамбаевдин өзүнүн партиясы болобу?» деген суроолор азыр күн тартибинде турат. Менин билишимче, Иса Өмүркуловдун Алмазбек Атамбаевге буга чейин эле таарынычы болгон. Анткени 2015-жылы талапкерлердин тизмесин түзгөндө бул кишини алдыңкы он орунга кошкон эмес. Бир канча жолу премьер-министр, спикер алмашты. Бул киши «мени премьер-министр же спикер кылат» деген ойдо жүрсө керек. Бирок Атамбаев Өмүркуловго андай кызматтарды ыраа көрбөдү. Ошон үчүн Өмүркуловдун таарынычы бар болчу. Азыр Атамбаев менен ачык тирешүүгө өттү.

Иса Өмүркулов Ал «Атамбаевсиз КСДП» аттуу кыймылдын өкүлдөрү менен жолукканын бышыктады, бирок кандайдыр позициясын билдирбегенин айтты.

Иса Өмүркулов өзүн КСДПнын мүчөлүгүнөн чыгаргандарды “чыккынчы” деп, саясий кеңештин чечимин тааныбай турганын билдирди:

— Эмне себептен мени партиядан чыгарышканын билбейм. Мен, мисалы, эч мыйзам бузган жокмун. Партиялык тартипти бузган жокмун, партиянын программасын, уставын тутуп келем. Мен бул партияда 25 жылдан бери, түптөлгөндөн бери келе жатам. Бул партия менен Акаевден баштап Бакиевдин дооруна чейин башыбыздан бир топ кыйынчылыктарды өткөрдүк. Өмүрүмө, үй-бүлөмө кол салуу болгондо да партиянын идеясы үчүн тайманбай аягына чейин тургам. Бир ууч, жети-сегиз адам чогулуптур, саясий кеңештин бул чечими легитимсиз. Мага «чыккынчы» деген да сөз айтылып жатат. Мага каршы добуш берген адамдарды чыккынчы деп эсептейм.

https://www.youtube.com/embed/HRYYNa1qUO4″ frameborder=”0″ allow=”accelerometer; autoplay; encrypted-media; gyroscope; picture-in-picture” allowfullscreen>

Соңку кезде Иса Өмүркулов социалдык тармактарда кыйла жандана баштаганы байкалат. Бир күн мурда “Фейсбукта” баракча ачып, дароо эле «Ийгиликтин баары алдыда!» деп жазды. Баракчасында ал Курманбек Бакиев президент болуп турганда Алмазбек Атамбаевди сыйлаганы, Атамбаев премьер-министр болуп турганда аны Кумтөр боюнча сындаганы тартылган видеолор менен бөлүштү.

«Апрель революциясынын баатыры» Иса Өмүркулов — Жогорку Кеңештин дээрлик бардык чакырылышынын, тактап айтканда I, II, III, IV жана VI чакырылышынын депутаты.

Ал жогорку мамлекеттик кызматка 1990-жылдын башында келген. Тактап айтканда, 1991-1994-жылдары Кыргызстандын вице-президенти, биринчи вице-премьер-министрдин жардамчысы болуп иштеген. 1994-1998-жылдары башкы транспорттук инспектор болгон. Андан кийин, 1998-2005-жылдары «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасын жети жыл бою башкарган.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу