Атамбаев өзү “ууру” деп “диагноз” койгон Равшан Жээнбеков менен бүгүн “коюн колтук алышып жүрөт”..

Кыргыз саясатында мамлекеттин, демек элдин эсебинен байып андан соң “бээ көрдүңбү жок, төө көрдүңбү жок” – деп өзүн “ак карга” сезип жүргөн саясатчы сөрөйлөр бар. Алардын ана башында качкын президент Акаевди “ата”, Майрам эжекебизди “апа” – деп Акаевдердин “оту менен кирип, күлү менен чыгып” 29 жашында мамлекеттик мүлк министри болгон Равшан Жээнбеков деген эргул турат.
“Көрбөгөндүн, көргөнү курусу” болуп Равшан мырза Мамлекеттин мүлкүнө “беш колун эле эмес, чыканагына чейин матырып” мамлекетке тийиштүү мүлктөрдү Акаев жана анын жакындарына “текейден арзан” менчиктештирип берген. Бишкек шаарындагы бир канча гектарды ээлеген заводдордун имараттары, дүкөндөр, Ысык-көлдүн жээгиндеги пансионаттар жада калса бала-бакчалар да Равшандын “мамлекеттик ишмердүүлүгүнүн” натыйжасында жеке тараптарга “белекке” берилген. “Белек “ алгандардын баары Равшан Жээнбековго “жең ичинен” “жашылбайлардан” берип турганы айтпаса да түшүнүктүү.
Албетте, Равшан мырза өзүн да унуткан эмес. Шаардан бир нече имараттарды, “Ысык – Көлдүн” жээгинен “Асыл Таш” баш болгон пансионаттарды жакын адамдарына каттатып алган. Талас шаарынын борборунда жайгашкан төрт кабатуу “Сымбат” тирчилик үйүн болгону 90 миң сомго тууганына жаздырып берген. Киров суу сактагычынын жээгиндеги “Эдельвейс» эс алуу жайын да “ээлеп алган”. Өзүнүн кичи мекени болгон Манас районунда да бир топ мамлекеттин менчигиндеги имараттар, Равшандын жеке менчигине өткөн. Санай берсең, тизме да узара берет.
Бир күн да, бизнес кылбай эбегейсиз байыган Равшан Жээнбековдун таржымалы ушундай. Равшан Жээнбековдун мындай мамлекеттик масштабдагы ууру экенин, экс президент Алмазбек Атабаев деле бир нече жолу айткан. Болгону, Равшандын кылмыштарынын мөөнөтү эскирип (срок давности) жоопкерчиликтен кутулуп кеткен.
Баарынан да, Атамбаев өзү “ууру” деп “диагноз” койгон Равшан Жээнбеков менен бүгүн “коюн колтук алышып жүргөнү” акылга сыйбайт. Кыязы Равшандын көзүн Атамбаевдин миллиондору “кычыштырып” жатса керек. Буларда “мекенчилдик” — деген түшүнүк такыр эле жок. Экөөбү тең “бийлик, байлык”- деген гана түшүнүк менен күн кечирет. Равшан Жээнбеков азыркы бийликти мактамыш болуп бийлик “короосуна” кирүү үчүн жакшы эле аракет кылды. Бирок, Равшандын чыныгы жүзүн билген азыркы бийликтегилер аны жакын жолотушкан жок.
Анан айласы куруган Равшанга Атамбаевге “сатылуудан” башка арга калбады. Равшан үчүн саткынчылык кылуу “иттен оңой”. Убагында атасын сатып Акаевди “ата” кылып алган адамга бул жорук чоочун деле эмес. Андыктан “амалы алты эшекке жүк” Равшан Жээнбеков акыры жүрүп Атамбаевди да “аңга түртүп” өзү болсо “суудан кургак чыгып кетери” турган иш.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу