Атамбаев өгөй баласына неге ишенбейт?

Экс-президент А. Атамбаевдин өмүрлүк жары Р. Атамбаева анын экинчи никеси экенин элдин баары билет. Ошол эле убакта АША дагы Раиса айымдын экинчи никеси экени жашыруун эмес. Экс-ханайымдын биринчи никесинен кадыресе каруу-күчкө толуп калган уулу бар экени да белгилүү.

Экс-ажонун мурдагы шоопуру Икрам Илмиянов «кожоюнунун» алты жылдык президенттик мөөнөтүндө үлкөн чиновникке айланып, кадр маселесинен тарта финансы маселесине чейин кийлигишкен таасирдүү фигура болгону белгилүү. Анан ал өлкөбүздө бийлик алмашкандан кийин алданеден чоочулап, бирде ажылык сапарды шылтоолоп, бирде апасынын ден-соолугун бетине кармап эле Кыргызстандан качып калган болчу.

Бирок, ал эч кандай апасынын ден-соолугуна камкордук көрбөй эле Татарстандын борбору Казань шаарындагы экс-ханайым Раиса Атамбаева түптөп койгон бизнеске көзөмөлдүк кылып жатканын маалымат булактары жазып чыгышкан. Тактап айтсак, ал бизнести Раиса айымдын биринчи никесинен төрөлгөн баласы менен Икрам мырза биргеликте көзөмөлдөп жатышканы тууралуу маалыматтар чыккан.

Анан эле И. Илмиянов Кыргызстандын атайын кызматы тарабынан Москвадан кармалып, Кыргызстанга алынып келингенден кийин эле жадакалса 31-август Эгемендик күнү элибизди куттуктап коюуга жарабай, ден-соолугун шылтоолоп эле жүргөн А. Атамбаев Россияга жеңесинин тажиясын жана кандайдыр бир партиялардын конференциясын шылтоолоп шашылыш учуп кетип атпайбы.

Дурусураак шылтоо таба албаганына өзү деле бир аз кейисе керек, бирок анын бул жолку сапарынын негизги максаты жогорудагы эки себеп эмес, Казань шаарындагы бизнесине сарсанаа болгонунан улам жасалган сапар болгон экен. Ал Россияга барып, ал жактан өзүнүн ишенимдүү адамдарынын бирине ошол Казань шаарындагы бизнесин «жакшылап иштет» деп тапшырып келиптир.

Демек, ал өгөй баласына (Раиса айымдын биринчи никесинен төрөлгөн баласы) ишенбей турганын түшүнө берсек болобу?

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу