Атамбаев эл алдына чыгат…

17-март күнү борборубуздагы «7-апрель» көчөсүндө жайгашкан «Медиа-форумдун имаратынын ал­дында 2002-жылдын жазында анда­гы бийликтин огунан курман бол­гон азаматтарды эскерип, алардын элесине куран түшүрүү вазийпасы болоору айтылып жатат. Ошол кан­дуу окуядан тарта ушул күнгө чей­ин аталган имараттын аймагында ар жылы сайын мындай эскерүүөткөрүлүп келген. Экс-президент А. Атамбаев да убагында 2002-жыл­дын 17-марттын, 2005-жылдын 24-март күнүн, 2010-жылдын 7-апрель окуяларын суверендүү мамлекетибиздин тарыхындагы Кыргыз элинин майтарылгыс акый­катын, эркиндигин чагылдырган үч чоң ашуу катары сыпаттап келген. «Бул күндөрдү биздин эл, келечек муундар, небере-чөбөрөлөр эч ка­чан, эч убакта эстеринен чыгар­башы керек!» деп да айтканы бар.

Айтмакчы, А. Атамбаев 2017- жылы бийликти тынч жол менен өткөрүп бергенден кийин эл ме­нен бетме- бет кезиге элек болчу. Жогоруда айтылган мына ошол үч ашуунун бири болгон 17-март күнү, эскерүү иш чарасында, бизге жет­кен маалыматтарга таянсак Алмаз­бек Атамбаевдин эл менен жолу­гушуусу болоору айтылып жатат…

Булак: Айгай

Аргумент.kg
Жооп калтыруу